www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова УКМКнын имаратында абалы начарлап кетти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Буга чейин маалым болгондой, Үсөнканова алдамчылыкка шектелип жатат. Ал 2017-2018-жылдары чет өлкөлүк жарандан чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып кайтарбай койгону айтылууда.
«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКга бир нече жолу чакырылган Үсөнканова 11-январь күнү келген. Тергөө амалдары башталганга чейин эле УКМКнын имаратында отурган кезде Үсөнканованын абалы начарлап кеткен. Натыйжада УКМКнын аскер-медициналык кызматынын дарыгерлери чакыртылган», — деп айтылат билдирүүдө.
Мекеменин дарыгерлери Үсөнкановага «Нур» диагностика борборунан кароодон өтүүнү сунуштап, ошол жакка жеткиришкен. Ал жактан стационардык дарылануу сунушталган. Натыйжада Үсөнканова Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган.
Бул ортодо Үсөнканованын адвокаты айыптоолорду четке кагууда.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg