www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык соту 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын жабык карап, аны үй камагына чыгарды. Ал отурумга журналисттер киргизилген жок.

--«Соттун чечими менен Мунарбек Сайпидинов үй камагына чыгарылды. Ал эч жакка кетпейт. Сайпидинов өзүнө коюлуп жаткан айыптарды мойнуна алган жок. Азырынча шек гана, расмий түрдө айып коюла элек. Алдыда дагы эки айлык тергөө бар», - деди адвокаты Динара Турдумаматова.

Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти кабарлаган.

Расмий маалыматка ылайык, Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланган жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алган.

УКМК ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймагындагы түрдүү кылмыштарды жасаган уюшкан топту түзүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүдө да Сайпидинов күбө катары өтүп келе жатканын билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости