www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык жыйнады. Белгиленген план 100,2 пайызга аткарылды же 107,3 млн сомго ашыгы менен чогултулду.
Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2019-жылга салыштырмалуу салыктар республикалык бюджетке 324,7 млн сомго көп жыйналды.
Белгилей кетсек, салыктар боюнча план 2020-жылдын ноябрь айында республикалык бюджетке Салык кызматы үчүн мурда белгиленген планды 3 млрд 58,3 млн сомго көбөйтүү менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда ашыгы менен аткарылды.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg