www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Бүгүнкү митингдин негизги талабы? Өкмөт тарабынан кандай реакция болуп жатат?
-Мен кичи мекеним Кочкордон болом. Бүгүнкү митингдин уюштуруучулары, жарандык активисттер,эл.Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жарандар чыгышты. Жалпы Кыргызстандыктарды түйшөлткөн маселе уран кенине каршыбыз. Дүйнө коомчулугунан сабак алалы. Технологиясы өнүккөн Япониядан кандай кырсык болду, ошол эле Чернобыльды эске салсак. Биз жарды мамлекет, кантип анан Япония иштете албаган уранды иштетебиз. Өкмөт ушул жаатта өтө шалаакылык билидирип жатат. Мен СДПКнын саясый кеңешинин мүчөсү катары, кече партияда чукул жыйын өткөрдүк. Анда, уран иштетүүгө берилген лицензияга тийешеси барлар, кимдигине карабай жооп берсин. Керек болсо, СДПКдан болсо дагы жооп берсин деген жыйынтыкка келдик.
-Кызыл-Омпол уран кенин казууга кимдер уруксат берген?
- Алгач 2004-жылы Бакиевдин убагында, чалгындоого уруксат берилип,кийин кайра узартылган.2010-жылы элибиздин башына апаат түшүп турганда, Роза Отунбаеванын Убактылуу Өкмөтүндө техникалык өкмөттүн башчысы Амангелди Муралиев узартып берип жатат.Муну тарых үчүн билип алышыбыз керек. 2010-жылы С.Жээнбеков өкмөт башчы кезинде, Д.Зилалиев чалгындоо эмес, уран казууга уруксат берип жатат. Бул чыккынчылык.
-Өкмөт убактылуу токтоткондугун билдирди го?
- Өкмөттүн “убактылуу токтотуп турабыз” дегени уят нерсе. Жеке эле Кызыл-Омпол уран кенин казуу эмес, Кыргызстандын жалпы аймагындагы уран кенин иштетүүгө толук тыюу салуу керек. Кожобек Рыспаев сыяктуу депутаттар “Кыргызстанга урандын эч зыяны жок” деп айтып жатышат. Булар эртең эле бийлик алмашканда:“бийлик биздин колубузду байлап туруп ушуну айттырган”,-деп айтып коёрунда шек жок. Биздин мамлекетибиздин бирден-бир сыймыгы-жаратылышы, көлү. Эми ушуга да кол салып. Кыргыз элин малга теңеп жатышат да. Бийликке айтаарым, от менен ойнобогула. 29-апрелде, Ысык-Көлдөн, Кочкордон, Нарындан “эл уранга каршы” ураан менен келип жөө жүрүш болот.
- Учурда “Кызыл-Омпол” уран иштетүү кенинде абал кандай? Такыр токтодубу уран казуу?
- Элди алдоону токтотуу керек.Уран казууну такыр токтотпосо, турризм тармагын өлтүрөт. Кайсы бир мамлекетке жагынып же убадаларды берип, ортодо элдин тагдыры менен ойногон болбойт.“Кумтөрдөн” өлкөгө пайда келтире албаган өкмөткө кантип ишене алабыз?Көлдө Улан шамалы бар.Ошол шамал 10 жылдан бери кантип урандын калдыктарын абага учуруп, андан көлгө түшүрүп, бери Чүйдүн сууларына чейин алып келген жок деп ким кепилдик берет?
- Уран казуунун артында ким турат?Күмтөрдүн ээлери, Центерро Голдго тийиштүү деген сөздөрдүн кандай чындыгы бар?
- Мындай маалымат канчалык деңгээлде туура экендигин, иликтеп көрбөгөндүн ачык айталбайм.Бирок, Т.Акимовдун билдирүүсүнүн чындыгы да болуп калышы мүмкүн. Себеби, К.Рыспаевдин урандын зыяны тийбейт дегени калп. Азыр биз ошол Кумтөрдүн калдыктарын жогото албай турабыз.
Булак: NazarNews.kg