www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коомчулукту чочутуп жаткан уран кени боюнча кечээки жыйында таамай айтты. Ал өз сөзүндө: «Уранды казууну таптакыр токтотуу керек. Өкмөт кечигип калды. Уран казууга кимдер лицензия бергенин тактап, аларды жоопко тартыш керек. Мына баарыбыз күбө болуп атабыз, лицензия бергендер кайра ошол уранды бетине кармап элди митингге чыгаргылары келип атат. Алар кимдер экенин эл билсин!» деген так кесе оюн билдирди. Биз да Өмүркуловдун сөзүн колдойбуз. Чын эле эптеп элди көтөрүүгө шылтоо издеп турган саясий күчтөр уран боюнча маселеге дагы башын тыгып, «каршыбыз» деген билдирүүсүн таратканга жетишти. Чындап эле бийликте турганда «иттин өлүгүн» көмүп кеткендер бүгүн «аппак каргамын» дегени акмакчылык да.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Последние новости