www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Доллардын түшүү себептерин айтсаңыз? Валюта боюнча дагы кандай күтүлбөстүктөр, терс таасирлер болушу ыктымал?

- Доллардын түшүшүнүн себептери акыркы геосаясатка байланыштуу болуп жатат. Бул ошол эле Украина–Россия тирешинин кесепеттери. Биз түздөн-түз Россияга байланганбыз. Аларда доллардын куну төмөндөп, бизге да таасири, кесепети тийип жатат. Доллар дагы түшүшү ыктымал. Менин баамымда, мындан ары да 5- 10 сомго төмөндөйт.

Азык-түлүктүн кымбатташы деле ушунун себептери. Биздин ишкерлер кымбаттаган бааны дароо төмөндөтө алышпайт. Себеби биз ошол эле азык-түлүк, күйүүчү майлар, керектүү жабдыктарга Россияга байланганбыз... Мен билгенден Россия менен көпчүлүк келишимдер рублге өткөн эле. Алар “долларды толук жоёбуз” деп өз акчасын жүгүртүүдө. Мурда биздин ишкерлер доллар менен алыш-бериш кылып жүрүшкөн.

Эми эле төмөндөп калган Москва валютасына өтүп, аны менен товар жүгүртүп башташканда, кыргыздардын бешенесине анекдоттогудай болуп рубль көтөрүлүп, ошонун негизинде азыр баалар кармалып турат. Бизде доллар түшкөнү менен деле эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мүлктөр, Кытайдан келген товарлар арзаныраак болушу мүмкүн.

Мисалы, кийим-кече дагы башка нерселер. Бирок менин баамымда, азык-түлүк, өсүмдүк майы, кумшекер, күйүүчү май ж.б. арзандабайт. Россиядан келген керектүү нерселер рублдин куну менен бааланып, баасы түшпөй кармалып турат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости