www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын климат жана энергетика министри, вице-канцлер Роберт Хабек Орусиядан импорттолчу мунайга АКШ мурдараак салган тыюу күткөн майнапты бербегендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Эгерде нефтиге салынган тыюу турасында айтсак, бизде ал жакта анча чоң эмес көйгөй бар. Тыюу салуу нравалык жактан, албетте, туура, зарыл. Балким кечирээк Орусиядан келген газга жана азык-түлүктөргө да салынат. Бирок АКШ нефтиге эмбарго киргизип, алар дүйнөлүк рынокко сатып, дүйнө рыногунда бааны көтөрдү, андыктан Путин нефтини аз сатып, бирок көп акча таап жатат. Бул, албетте, көйгөй, биз бир жолун табышыбыз керек, болбосо оң колубуз менен жойгон нерсени, тескерисинче, сол колубуз менен кайра түзүп коюп жатабыз. Андыктан мунайга салынган эмбарго биз күтүп, ишенгендей эч кандай деле жыйынтыгын берген жок", — деген Хабек CNN телеканалына берген маегинде.

АКШ март айында орусиялык нефтинин, мунай заттарынын, суюлтулган жаратылыш газынын жана көмүрдүн импортуна тыюу салган. Анын артынан эле Улуу Британия 2022-жылдын соңунда Орусиянын мунай заттарын албай турганын жар салган.

Кечээ башталган ЕБ мамлекеттеринин башчыларынын Брюсселдеги кезексиз саммити бүгүн да уланат. Алар Орусияга карата чектөөлөрдү да талкуулашмакчы. Европа мамлекеттери бир айга жакын убакыттан бери РФке салынуучу санкциялардын алтынчы пакетин макулдашып, беките албай келишет. Анда мунай заттарына жарым-жартылай же толук эмбарго коюу маселеси бар. Бирикменин кээ бир мамлекеттери, тагыраагы, Венгрия мындай чечим өз экономикасына тескери таасирин тийгизет деп чочулап, жогорудагы чечимдин кабыл алынышына блок коюп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости