www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-майда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Суу өчүрүүнүн себеби — «Сельский» суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу убактылуу токтотулат.

Таза сууну өчүрүү аймагы: Анкара — «Рухий-Мурас», «Тунгуч» кичи району (батыш тарабы), анын ичинде: № 181 бала бакча, «Тунгуч» 21/1, № 73 ортомектеп, «Рухий-Мурас» конушундагы № 92 орто мектеп, ошондой эле " 44 га" конушу.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости