www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президентинин кенңешчиси, урматтуу Чолпонбек Абыкеев мырзага кайрылуу кат!
Урматтуу Чолпонбек-мырза!
Кыргыздын эң бир аялуу-талылуу маселеси – улуттук дүйнөтааным, салт-санаасына кол салган уюшкан күчтөр учурда мурдагыдан да ашынып, эми аны мектеп деңгээлине түшүрүп, улуттун коопсуздугун түбүнөн солкулдатууга багытталган арам ойлорун ырааттуу, жигерлүү, максаттуу жүзөгө ашырууга өттү.
Мындай кара чабуул бир эле учурда «кыргыз» деп, кыргыздын ыйыгы «Манас» деп башын сайып эмгектенген Гүлзат Аалиева сыяктуу чыныгы мекенчил кыргыздарды (мындайлар мурда да эчен жолу болду го!) «теңирчи» деп, сот аркылуу сындыруу аракети менен коштолууда.
Кыргыздын элинде, жеринде, «кыргыздын мекенчил уул-кыздары» деп ардакталууга тийиш болгон «Кыргызстан» деп аталган эгемен мамлекетте ушундай «эгемен» парадокс!
Бул «Кайрылуумду» мен Конституция, мыйзам, адам укугу ж.б. расмий документтер менен ырастап-шөкөттөп отургум жок: буга чолоом да жок, бул ансыз да түшүнүктүү жана өзүмдүн соңку отуз жылдык өмүрүм ансыз да ушул демократиялык документ, оюндар менен өттү.
Өткөндө жазуучу Абдымамбет Сариев инибиз Сизге ошондой расмий кайрылуу кат жолдоптур. Мен толугу менен аны колдойм жана ал Кайрылуу алдына өз колумду ынтызар коёмун; көңүлүбүздөгүнү таамай таап айткан иниме ыраазылык билдиремин.
Демекчи, менин катымды Сиз менен (Сиз аркылуу коомчулук менен да) жазуучулук айдыңда бирге иштешкен калемдешиңиз менен баарлашуу катары кабыл алсаңыз туура болот деп ойлоймун.
Конституциябыздын ана башы беренесинде мамлекетибиздин бүткүл жашоо табиятын мүнөздөгөн «Кыргызстан – светтик өлкө» деген ак аныктамада турат. Бүттү. Дагы башка кандай документ керек!
Мектеп - мамлекеттик мекеме. Анда мамлекеттик гана тартип болот, эреже иштейт. Башкача мамиле - мамлекеттин негизине (төтөн, анын эртеңкиси жаш муун уясына!) кол салуу катары гана каралышы керек. Чийиле элек актай барактай жапжаш наристе кыздардын жабыктагы аяр, мөлдүр, аруу дүйнөсүнө динди жамынып суук кол салуу, зомбулук орнотуу экенин айтпаганда. Курчап турган чөйрө менен катышта, билинбеген, баланын өзүнө гана таандык психологиялык залалын эстебегенде.
Анан да, кабыл алынган жаңы Конституция боюнча биз аткаруу бийлигин да аркалаган президенттик башкаруудагы мамлекетке айландык. Бул деген аткаруу бийлиги алкагындагы баардык мамлекеттик мекеме, ишканалар, анын ичинде, Илим-билим берүү министрлиги өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызматын ак, так, мамлекеттик деңгээлде милдеттүү жоопкерчиликтүү аткарышы гана керек дегенди билдирет.
Бул жерде мектепте кандай кийиниш керектиги тууралуу президент жарлыгы, же Жогорку Кеңеш мыйзамынын эч бир зарылдыгы жок. Министрликтин гана өзүнүн токтом-буйругу жетиштүү.
Урматтуу министр! Урматтуу мектеп директорлору!
Али эч нерсени түшүнө элек, баёо, бирин-экин жаш кыздарды «муңдуу» сүйлөтүп алып, интернетте чуу салып, карапайым калктын аялуу сезимдерин козутуп, бир топту экинчи топко эптүү кайраштырган идеологиялык өтө айлакер диверсия жасалып жаткандыгын баарыбыз көрүп турабыз. Булар азыр, тек, учкундун да учкундары, а эртең мамлекетти чайпаганга мээленген опурталдын да опурталы! Андыктан, жогор жакка элейбей (аларды да ыңгайсыз абалга калтырбай), өзүңөргө ишенип, берилген «мамлекеттик аймакта» мамлекеттин - Манастын жоокери болуп, өз милдетиңерди ак-так аткараарыңарда эч шек жок жана буга бек ишенебиз.
Урматтуу улуттук идеологиянын башы!
Сизден болсо жооптуу жетекчилер менен тыкыз иштешип, мамлекеттин эртеңкисин түзүп турган эң биринчи жерпайы – мектепте окуучулук бирдей форма гана эмес, кыргызды сактап калаар, ошонун баарын бир тартипке салаар «Улуттук нарк» сабагын (дин эмес!) окутуу ишин жолго коёт деп күтөбүз. Мындай кадам, өз учурунда орус-совет шартында, кыргыз тилин мектептерде ургаал окутууга киришкен Касым Тыныстановдордун эрдигин эске салмак деп ойлоймун.
Чоюн Өмүралиев
Булак: NazarNews.kg