www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Алишер Мамасалиев NazarNews маалымат агенттиги менен баарлашып, айрым суроолорго жооп берди.

--Алшер мырза, депутат Исхак Масалиев “элдин башына оор күн түшүп турганда машине, кызмат сапарлары жана башка чыгашалардан баш тартып тура алабыз. Айлык акыдан башкасын чектеп туруңуздар», деди. Ал сунушту башка кесиптештери да колдойт деп ишенсек болобу?

--Депутат Исхак Масалиев сунушу сөзсүз парламенттен колдоо табат деп ойлойм. Депутаттар өз ара макулдашып, ушул кадамга барса, эл үчүн, мамлекет үчүн абдан пайдалуу болмок. Бирок, мындай кадамга парламент эмес, өкмөттүн мүчөлөрү да барып,  чыгымдарын кыскартышы керек. Бүгүн каражатты аз сарптап, көп иш кыла турган учур. Мына ушул кырдаалдан пайдаланып, бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюшубуз керек. Тагыраагы,  мамлекеттик аппаратты кыскартууга убакыт келип жетти.

--Эми Исхак Масалиевдин айтканын эске алып, Жогорку Кеңештин төрагасы жана Өкмөт башчы атайын эсебиндеги каражатты коронавирус менен күрөшүүгө жумшай алабы?

--Премьер-министр менен Жогорку Кеңештин төрагасы атайын эсебиндеги каражаттарды кайда, качан пайдаланууну жеке өздөрү чечишет. Бирок, депутаттын орундуу сунушунан  кийин спикер да, премьер-министр да "жок" деп айта алышпаса керек.

--Баса, карантиндин талаптары жумшартууну өкмөт да ойлоно баштады. Эгер талаптар чындап  жумшара турган болсо, дартты жеңе алабызбы?

--Негизи көп нерсе элдин өзүнө көз каранды. Эгерде тартип болсо,  элди торуган эпидемияны да жеңсек болот. Ал турсун  кризистен  да  чыга алабыз деген ойдомун. Баарыбыз Кытай эпидемияны кантип жеңгенин эске алып,  ар бир жаран өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүшү керек. Ал эми атайын эсепке чогулган каражат боюнча коомчулукка ачык жана так маалымат берилсе, күмөн санаган жагдайлар жоголуп,  өкмөткө сын азаят.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости