www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, айрым жерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 16…21;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости