www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө таратуу үчүн биринчи сорттогу 4459,5 тонна ун бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бардыгы болуп Ош облусуна 1258,4 тонна ун берилди. Анын 230,5 тоннасы эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес болуп турган Кара-Суу районуна, 401,85 тоннасы Ноокат районундагы калктын аярлуу катмарына таратылууда. Ал эми Жалал-Абад облусуна 1241,75 тонна бөлүндү. Анын 456,25 тонна уну өзгөчө абал кирген Сузак районуна жеткирилди. Баткен облусуна 273,05 тонна; Нарын - 281,10; Чүй – 392,55; Ысык-Көл – 267,60; Талас – 245 тонна ун берилди.  

Муну менен катар өзгөчө абал кирген Бишкек шаарына 370 тонна бөлүнсө, Ош шаарына 130 тонна ун жеткирилди. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин  негизинде муктаждарга таратылып жатат. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудай жана ундун кору жетиштүү көлөмдө. Буга кошумча дагы Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасындагы компаниялардан келишимдик негизде 28 миң тонна буудай сатып алынды. Ал май айынын аягына чейин толук көлөмдө өлкөгө темир жол аркылуу жеткирилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости