www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” фракциясына караштуу ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов эртең, 22-февраль саат 11:00 го УКМКга суракка барат. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Эске сала кетсек, 17-февралда Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш иш козгогон. Ага себеп эсеп палатасында аудитор кызматын жетектеп турганда, тендер өткөрүүдө мыйзамдарды бузган деген айып тагылууда.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов жасалма тендер өткөргөнгө катышкан деген айыптарды четке кагып келүүдө.

Ал эми социалдык тармактарда депутат Алмамбет Шыкмаматовго каршы бийлик айласы кеткенде, күнөөсүн микраскоп менен таап кылмыш ишин козгоп, депутаттын оппозициячыл ишмердиги менен түздөн-түз байланыштуу деген пикирлер айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости