www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын каттоосуз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу убадасынын алкагында Ички коопсуздук министрлигинин өлкөдөн чыгаруу процедураларын ылдамдатуу жана дагы көп мигрантты ылдам түрдө өлкөдөн чыгарууну долбоорлогону белгиленди.

«Макклэчи» гезити жазып чыккан жана Ички коопсуздук министри Жон Келли кол койгон эки ички жазышууга караганда, «ылдам өлкөдөн чыгаруу» ишке ашыруусуна кошула турган каттоосуз мигранттардын саны көбөйүшү күтүлүүдө.

Учурдагы мыйзамга ылайык чек арадан 100 миллге чейин ичкериде кармалган, өлкөгө киргенине 14 күн болгон жана дагы аз мөөнөт өткөн кишилер ылдам түрдө кармалып, мызамдык процесс күтүлбөстөн өлкөдөн чыгарылат.

Жаңы долбоордо болсо бул 14 күндүк мөөнөттүн 2 жылга узартылышы жана чек арага алыстык чектөөсүнүн да жоюлушу пландалып жатат.

Келли тарабынан кол коюлган экинчи документке ылайык АКШга кичине чагында өзү жалгыз мыйзамсыз жолдор менен кирген балдардын ата-энесине кийин АКШдан келгенде териштирүү жүргүзүлүшү пландалууда.

Документте акыркы 3 жылда өлкөгө мыйзамсыз кирген 155 миң бала кармалганы, булардын 60 пайызынын кийин ата-энеси менен чогуу катталганы белгиленди.

Бул үй-бүлөлөр балдарынын АКШга кириши үчүн адам уурдагандарга пара бергени шеги менен териштирилет.

Андан соң үй-бүлөсү менен бирккен балдардын чек арадан чыгарылышына бөгөт коюнун да жоюлушу паландалууда. Барак Обама бийлиги балдардын чек арадан чыгарылышына бөгөт койгон токтом чыгарган.

Аты аталган документтердин Келли тарабынан кол коюлуп тийиштүү бөлүмдөргө жиберилгени, бирок ишке ашыруунун башталышы үчүн Ак үйдүн бекитүүсүн албаганы белгиленүүдө.

Айрым жарандык уюмдар жана миграциялык адвокаттар ылдам түрдө өлкөдөн чыгаруу ишке ашыруусунун керектүү процесстер бүтүрүлгөнү үчүн мигранттардын укуктарын буза  турганы эскертүүсүн кылган.

Президент Дональд Трамптын мыйзамсыз көчмөндөр менен күрөшүү темасындагы токтомдорунан кийин АКШнын бажы жана чек ара сакчылары өлкөнүн жалпысында бир топ адрести басып кирген жана миңдеген кишини чек арадан чыгарыш үчүн камоого алган.

Булак:трт.нет

Последние новости