www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Коопсуздук кеңеши жана уюмдун башкы катчысы Антонио Гутерреш Орусиянын уюмдагы туруктуу элчиси Виталий Чуркиндин каза тапканына байланыштуу көңүл айтты.

"Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Орусиянын дипломатиялык кызматында 40 жылдай кызмат кылып, БУУдагы орусиялык миссияны 10 жылдай жетектеген элчинин каза тапканына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Ал 21-февраль күнү өзүнүн 65 жашын белгилемек эле»,-деп айтылат БУУнун кайрылуусунда.

Коопсуздук кеңеши элчинин жакындарына жана орус элине, өкмөткө көңүл айтты.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин 20-февралда Нью-Йоркто каза тапты. Ал бир күндөн кийин өзүнүн 65 жашын белгилемек эле.

Рейтер агенттигине элчинин орун басары Владимир Сафронков билдиргенине караганда, БУУдагы иш бөлмөсүндө Чуркин өзүн жаман сезип, ооруканага алып келишкен. Ал ооруканада көз жумду. Азырынча анын өлүмүнүн себеби айтыла элек.

Дүйнөдөгү белгилүү ишмерлер жана дипломаттар орус элчисинин өлүмүнө кабырга кайышып турганын жазып, жакындарына көңүл айтып жатышат.

Виталий Чуркин 1952-жылы туулган. 1974-жылы Эл аралык мамилелер мамлекеттик институтун (МГИМО) бүтүргөн. Андан соң СССРдин Тышкы иштер министрлигинде иштеп баштаган. Бир нече жылы котормо бөлүмүндө иштеп, 1980-жылдары АКШ элчилигине 2-катчы, андан соң 1-катчы кызматына дайындашкан.

1989-жылы Чуркин СССРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы болуп иштеген. 1992-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин орун басары болуп дайындалган.

1994-1998-жылдары Орусиянын Бельгиядагы элчиси жана НАТОдогу өкүлү 1998- 2003-жылдары Канададагы элчиси болуп иштеген.

2006-жылдан тарта Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.

Булак: Би-Би-Си

Последние новости