www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу бир тууган Мекенчил мекендештер, жалпы кыргызстандыктар! Элибизде: «Ак ийилет, бирок, сынбайт» деген кеп бар. Мекенчил партиясынын лидери Садыр Нуркожоевич Жапаровдун эмгегин элибиз дагы, бийлик-сөрөйлөр дагы сезип калышты. Жакшы сөздү жетишээрлик кылып айтсаң, чучукка чейин жетет эмеспи. Кылым карыткан кыргыз элим, кандай гана тагдырларды кечирбедик. 1917-жылдан бери карай мамлекетибизди түптөдүк. Бүтүндөй бир кылым басып өттүк. Ушул кылым ичинде Кыргызстандын элинин саны 2 миллиондон 6 миллионго чейин эле көбөйдү. Кошуна элдерге салыштырсак, бир кылымда Тажикстандын элинин саны 1 миллиондон 9 миллионго көбөйдү.

Элибиздин санынын төмөн темп менен өсүшүнө эмне себеп болду? -Анда кеп ошол жүнүндө болсун.

Көр тиричиликтин айынан, мамлекетин таштап, чет элге миграция кылып кетип жаткандардын катары өстү. Кыргызстандагы элибиздин орточо жашы 60, 65 жашты эле чамалап калды. Эгемендик алган 91-жылдан бери карай 25 жыл өттү. 1991-жылы өз тагдырыбызды өзүбүздүн колубузга алдык. Бирок, элибизди жалаң гана ууру-коррупционерлер башкарып келишти. Алар бир дагы патриот Мекенчил инсандарды алдыга чыгарышпады. Бүгүнкү күнгө чейин патриотторду өлүм менен куугунтук коштоп келет. Элибизди таш боордукка, БОМЖга, маңкуртка айландырышты. Азыр элдин жашоосу ит жашоо десек жаңылышпайбыз. Элибиз жакшы жашоодон үмүттөрүн үзүп, эптеп эле курсактарын тойгозуп, эптеп-септеп кийим кийип, күн өткөрүү менен аракет кылышат. Намыскөй элибиз. Жаман жашообузду жашырып, ары карап күлүп, бери карап ыйлап келебиз.

Эмне үчүн, элибиз ушундай начар акыбалда жашап калышты, б.а. ит жашоо абалы кайдан келди?

Ит жашоонун эң негизги себеби мындай:

Алтындан артык болгон Конституциябыздын тынымсыз өзгөрүшү болуп саналат. Мамлекетте Баш мыйзам канчалык денгээлде тынымсыз өзгөрсө, мамлекет ошончолук денгээлде алсыз боло берет. Миңдеген кылымдар өтсө дагы, Куран өзгөрбөгөн. Ал эми биздин Баш мыйзамды тез-тез эле өзгөртө беришет. Ошол себептен, элибиздин бийликке карата болгон ишеними такыр кетип калды, өчүп калды. Элибиз бийликке ишенбей калды. Мисалы, Бийлик элге макулдук бергенден чарчабайт:

Биз коррупция менен аёсуз күрөшөбүз, Айлык акыларды көтөрөбүз, Пенсияны көтөрөбүз, Добуш сатып алгандарды жоопко тартабыз, Кумтөрдү, ж.б. кең байлыктарыбызды элибиздин кызыкчылыгына, пайдасына иштетебиз, Чек араларыбызды бекемдейбиз, деп, кыскасы, элибиз эмнеге муктаж болсо, ошонун бардыгын аткарабыз, деп убада беришет.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бийлик башчысы Алмазбек Атамбаев берген убадаларынын бирисин дагы аткарган жок, өзүнүн программасында жазгандарынын бирисин дагы аткарган жок. Мындан ары карай аткара албайт. Ушундай акыбалда турганыбызда, элибиз кол шилтебестен, мага барибир дебестен, өз тагдырыбызды өзүбүздүн колубузга алышыбыз керек. Элибиздин, жерибиздин бүтүндүгүн сактап калыш үчүн күрөшкөн, уюшкан Мекенчил-Патриот болушубуз жуткан абадай эле керек болуп отурат.

Элибиз мигрант болуп, чачылып кетти. Балаң бир жерде, келинчегиң бир жерде, жашооң ар жерде болуп, жашоо үчүн күрөшүп жатабыз. Көр тиричиликти издеп, чет элге барып, кор болгон мекендештерибизден кабар алган эч ким жок. Канчалаган мекендештерибиз мекенине келалбай, дайынсыз жоголуп жатышат, канчалагандары өлбөстүн күнүн көрүшүп, кулчулук өмүр сүрүп жатышат. Өкүнүчтүү!!! Өкүнүчтүү!!! Өкүнүчтүү!!!

Биздин эң кымбат өмүрүбүз, убактыбыз, күндөрүбүз, жашоого болгон максаты жок өтүп, кетип жатат. Эртеңки жакшы өмүргө эч гарантия жок. Андыктан, ар бирибиз кайдыгер карабай, баскан турган жерибизде, адамдарга даваат сыяктуу кылып, көргөн, билген чындыкты жеткирели. Тууган уруктарга айталы. Жаш муундардын келечегине кайдыгер карабай, ар бирибиз өзүбүздүн жеке милдетибиз катары көрүп, бири-бирибизге айтасыз, таркаталы, аракет кылалы. Садыр Жапаровду колдоп берсек, биздин балдардын келечеги жарык болот. «Аракет кылсаң, берекет берем» дейт экен Жараткан Алла.

Келиңиздер, урматтуу кыргыз элим, бардыгыбыз бир туугандай биригип, аракет кылып, жашоодогу максатыбыздын фундаментин түзөлү. Мекенчил партиясынын лидери, урмат-сыйга татыктуу мекендешибиз, Садыр Нуркожоевич Жапаров өзүнүн кайрылуусунда айткандай, 25-март күнү Кыргызстанга келет. Бардыгыбыз ошол күнү чогулуп, кучак жайып, көңүлдүү тосуп алалы.  Бирок, бийлик Садыр Жапаровко кысым кылышы мүмкүн. Ал коркок, Кыргызстанга келбейт деп айтышы мүмкүн. Садыр Жапаров, эрктүү чыныгы патриот. Биз аны менен биргебиз, сиздер менен бирдикте, Садыр Жапаровдун демине дем, күчүнө күч кошуп, бир тал чачын түшүрбөстөн тосуп алалы, Урматтуу патриот Мекенчил мекендештер!!! Садыр Жапаров өзү касам ичип, ант бергендей, автордук программасында жазылгандай, Кыргызстан элинин келечеги үчүн, өлкөсүнүн гүлдөшү үчүн жанын аябастан, тынымсыз иштеп берет деп, мен толук ишенем, бардыгыбыз толук ишенели. Бардыгыбыз ынтымактуу болуп, келечегибиз үчүн, жашообуз үчүн Садыр Жапаровду бийликке отургузалы.

Биздин антыбыз: «Коррупцияга жол жок», «Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн» «Мекенибиздин бүтүндүгүн сактап калабыз» жана башка чакырыктар.

Артка чегинүүгө болбойт, жол жок, урматтуу мекендештерим, калайык Калкым!Алга карай жылалы!

Сиздерди терең ураматтоо менен РФдагы мекендешиңиздер Калыбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости