www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга мындан ары “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу жаңы рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес...

Биз бүгүн жаш ырчы Тима Мукашевдин аткаруусундагы “Сен” аттуу ыр тууралуу кеп кылабыз. Тима сахнага кадам таштаганы ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн ырчылардын катарын толуктайт. Ар бир ырга өзгөчө көңүл бурган ырчы жигит өз репертуарына түрк элинин позитивдүү чыгармасын кошуп алыптыр.

“Кайсы ыр болду экен” деп кызыгып калдыңызбы? Ал Фунда Кылыч менен Догукан Манчонун аткаруусундагы “Yüzleşme” аттуу чыгарма. Бул ыр түрк элинде 2016-жылдын башында жарык көрүп, “Youtube” желесинде ырдын клиби 38 млн 421 608 миң көрүүчүнү топтогон. Ырдын обону жана сөзү Фунда Кылычка таандык.

Тима, ырдын автору ким экенин билбейби же билгиси келбейби айтор, авторун айтпай “Түрк элиники” деп эле ырдап жүрөт. Учурда жаш ырчынын аткаруусундагы “Сен” аттуу ыр радио толкундарда байма-бай жаңырып, хит параддардан орун алып жаткан да маалы. Төмөндө эки ырдын вариантын тең сиздерге сунуштайбыз. Кимисиники мыкты аткаруу болгон ага сиздер баа бересиздер, окурмандар!  

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости