www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куудул Тынар Курбаналиевге концертинин рекламасын КТРК эфирге бербей койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда NazarNews.kg маалымат агенттигине Тынар Курбаналиев билдирди.

“Мен, 27-28 - февралда Бишкекте спорт ордосунда концерт койом. Ошондуктан КТРК аркылуу реклама берейин десем, алгач макул болушуп, кийин убакыт жок деп айтышты. Кабылдамасына барсам “байке, мен чечпейм, жогорку жактагылар чечет билесиз” дейт. КТРК элдик канал, менчик канал эмес, ушинтип эле кичинекей нерседен чоң саясат чыгарыштын кереги барбы? Убакыт жок дейт, элди ызы-чуу кылып, бири-бирин шыбаганга убакыт табылат да, коомдун көңүлүн ача турган жарнамаларга убакыт жокпу? Быйылкы жыл президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен маданият жылы деп айтылган, демек булар президенттин идиологиясына каршы”, – дейт Тынар Курбаналиев.

Куудул Тынар Курбаналиевдин концертине бериле турган реклама 1 30 секунданы камтып баасы 18 000 сомду түзөт. Реклама 10 күн коюлат.

КТРКнын Реклама бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамытов болсо куудулдун мунун себебин “Азаттыкка”:

-Тилекке каршы, ушундай болуп калды. Анткени, бул айда КТРКнын эфиринде реклама үчүн убакыт аз. Бир күндө эки-үч мүнөт эле берилет. Убакыт тартыштыгына байланыштуу ала албадык. Январь, февраль, июнь, июль, август айларында эфирде жарнама убактысы азаят, - деп айткан.

Эске сала кетсек, элдин оозунда эрмек болуп калган экс-депутат Мээрбек Мискенбаев менен куудалдардын айтышы өткөн жылы кызуу талкууга айланган. “Куудулдардын оозун тыям, болгон күч-аракетимди жумшаймын” деген депутат, ушул тапта өзү менен өзү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости