www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стокгольмдун четиндеги көпчүлүгү мигранттар жашаган райондо башаламандык орун алды.

Полиция маалыматына караганда метродогу станциялардын биринде атайын операция өтүп, шектүүнү кармаган учурда ондогон кишилер башаламандык уюштурган.

Бийлик полиция менен кагылышууга баргандар санын так атаган жок. Алар улам көбөйүп жатканын белгиледи. Башаламандык уюштургандар таш ыргыткан учурда полиция эскертүү иретинде ок чыгарууга аргасыз болгон.

Эки саат өткөндөн кийин коңшулаш райондо белгисиз кишилер он чакты авто унааны өрттөп, дүкөндөрдү тоноп кетишкен. Жергиликтүү бийлик башаламандык алып келген чыгымдар эсептелип жатканын айтты.

Мындан эки күн мурун АКШ Президенти Дональд Трамп Швецияга байланышкан олуттуу көйгөй тууралуу айтканы бар.

"Карагыла, Германияда эмне болуп жатат. Кечээ кечинде Швецияда эмне болду. Швецияда, ким ойлоптур андайды. Алар өздөрү да ойлобогондой көйгөй жаралды',-деген эле америкалык лидер. Бирок ал учурда Трамп эмне жөнүндө айтканын эч ким түшүнгөн эмес болчу. Ѳткөн аптанын жума күнү Швециядан эч кандай террордук чабуулдар катталган эмес.

Кийинчерек АКШ Президенти "Твиттердеги" баракчасына терракт тууралуу эмес, Fox News телеканалынан кеткен мигранттар темасы боюнча айтканын түшүндүрдү.

Расмий маалыматтарга караганда 9,5 млн чамалуу калкы бар Швеция 200 миң качкындарды жана мигранттарды кабыл алган. Бул калкынын санына алганда, башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу бир топ көп сандар.

2015-жылы качкын макамын алууну каалагандар саны кескин өсүп, өлкөгө160 миң ашуун адам келген. Бул албетте, чыңалууну жаратып, миграцияга каршы жана колдогон демонстрацияларга негиз болгон.

Ѳткөн жылы Швеция чек ара эрежелерин өзгөрткөндөн кийин өлкөгө кирген качкындар саны азайды. Ошондой эле мекенине өз ыктыяры менен кайткан мигранттарга матералдык жардамдын көлөмүн көбөйтүү чечими да кабыл алынган.

Булак: Би-Би-Си

Последние новости