www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир адамды алдаса болот, ал эми көпчүлүктү алдай албайсың», - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

Анын айтымында, Эл бардык нерсеге көз салып, таразалап турат. Жалган айтып, элди адаштырам дегендер өздөрү азыр ара жолдо турат.

«Садыр Жапаровду кытайдын тыңчысы деп айтылган сөздөр элдин аябай ызасын келтирди. Бир адамды алдаса болот, ал эми көпчүлүктү албай албайсың да. Кантип эле Садыр Жапаров кытайдын бизге жиберген «шпиону» болсун. Кантип эле Жапаров «мен президент болуп, Кыргызстанды силерге сатып берем» деп айтсын. Эми ушундай ушактарды, жалгандарыды айткан адамдын өзүнүн инсан катары, саясатчы катары деңгээли төмөн экенинен кабар берет. Мындай маалыматты таратуу эч бир эрежеге туура келбейт», - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости