www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы фермерлерге, багбандарга мамлекеттен эч кандай жардам жок жана жакын арада сиздерге жардам бербейт, бере да албайт. Мындай пикирин багбан Алим Таштан билдирди. Мен багбандарга мисте (фисташка) өндүрүүнү сунуштайт элем. Себеби бул жемиш адамга абдан пайдалуу болуп, денени карытпоого чоң жардам берет. Ошол себептен акыркы мезгилде аны косметикага, дарыларга кошуу менен, мистенин баркын абдан көтөрүп жиберишти.

Фисташки жареные и солёные (Крупные/Обычные) — FISTASHKA.SHOP — Орехи,  сухофрукты, специи, цукаты, сладости…

Мисте дарагы–таштак, кургак жана ысык жерлерде жакшы өсөт, сууну аз ичет, олтургузган мезгилде биринчи жана экинчи жылдары жамгыр аз болсо, айыны 2-3 жолу, 2-3 литр суу менен сугаруу жетиштүү. 100 түп дарака желим идиш менен деле ташып сугарып койсо болот. 3-жылдан кийин суу берүүнү кереги жок. Кээ бир өндүрүүчүлөр «капельное орошение» жасоо керек дейт, ал туура эмес. Көп суу, кайра зыян болот. Түшүмдү 150-250 жыл берет (кээ бир жерлерде 500 жыл берет деп жүрөт). Тоо кыркаларына, таштак, арык жерлерге отургуза берсе болот, а биздин тоолор бош эле жатат. Мистенин түшүмү сиздерге кошумча киреше болуп калмак. Түз жана сугат жерлериңиздерге башка нерселерди олтургузуп, түшүмдү жылдагыдай эле ала бересиздер.

Түркия - Иран мисте өндүрүү проекти - Кабарлар - TRT Avaz

Мисте дарагынын өзгөчөлүгү эркек жана ургаачысы болуп бөлүнөт. 8-11 ургаачы дарагынын арасына 1 эркек дарагын олтургузуу керек. Чаңдашуу шамал аркылуу болот, ошону эске алуу керек. Мөмөсүн 7-10 жылда берип баштайт, толук күчүнө 15-20 жылда кирет.

 

Фисташки могут стать реальной альтернативой маку в провинции Гильменд

Азыр, биздин элдик айыл чарба министр Абдулла Ташиевич, алма эгүүнү сунуштап жатат, ошол алмалардын арасына эле эгип койсоңуздар болот, алма 10-15 жыл түшүм берип, каарып калганда, мисте түшүм берип баштайт. Болгону мистени сугарбайсыздар. Ошону эске алуу керек. Дагы бир жакшы жери, мистенин сөңгөгү ичке, бою жапыс болгондуктан башка өсүмдүктөргө зыяны тийбейт. Мистенин тамыры абдан чоң болуп, нымдуулукты жакшы сактайт, ошол себептен жерди сонун семиртет, чөбү да жакшы өсөт. Бул дарактар тоо кыркаларын көчүүдөн, жерлердин эрозиясынан сактайт, мындан артык дарак жок.

Как вырастить фисташковое дерево в домашних условиях

Мистени өстүрүүдө Турция абдан жакшы жетишкендикте алдыда. Алар жаңы сортторду чыгаруу, көчөттүн баасынын 70% мамлекет тарабынан төлөнүп, өз фермерлерин колдоодо. Бирок Турция, муну менен өз керектөөсүн гана камсыз кыла алат. Себеби Турциянын көп жерлери нымдуулык кылып, бардык эле жеринде өстүрө албайт.

Pissäniň Tejribe Nusgalary Botanika Bagynyň Alymlaryny Ýokary Hasyllylygy Bilen Begendirdi

Европада жана Кавказда өндүрүшөт, бирок баягы эле нымдуулуктан жакшы өспөйт, ошол себептен мисте Европага АКШ дан абдан чоң көлөмдө экспорттолот. Эгерде биз мисте өндүрүүнү көбөйтсөк, бош жаткан тоо кыркаларына, адырларга олтургузуп, анын түшүмүн экспорттук көлөмгө чыгарсак, сатууга мүмкүнчүлүк бар. Бул түшүмдү Россия, Казакстан, Беларуссияга эле сатсак жетиштүү болот. Мамлекеттик деңгээлде бул програманы колдосо жакшы болмок, бирок колдоо болбойт. Илимдер академиясынан жаңы сортторду чыгарып, токой чарбалары көчөт өндүрүүнү колго алса.

Фисташка Амелия | ВЕСНА 2021 | Литинсад - саженцы для вашего сада

Тилекке каршы илимдер академиясынын эмне иш кылганын эч ким билбейт, жашыруун ишканадай. Президент, премьер-министр жана айыл-чарба министрине кайрылуунун кажети деле жок, алар башка нерселер менен убара, ошол себептен сиздерге түз эле кайрылдым.

Эми эң кызыгы, көчөттү кайдан алабыз? Көчөт Жалалабад, Ош жана Баткенде сатылат экен. Баасы 100-200 сомго чейин. Бирок бул биздин «Киргизская» деген сортту. Түшүмү анча эмес, данеги майдараак болот. Бирок, «проверено временем» деп айтылгандай, бизде бул көчөттөрдүн өсүп кетишине кепилдик көбүрөөк.

Фисташка Амелия | ВЕСНА 2021 | Литинсад - саженцы для вашего сада

Андан сырткары, Кытайдын Алиэкспрессинде, Украинада, Россияда сатылат экен. Түркчө түшүнбөгөнүмө байланыштуу, Турциядан издеген жокмун. Чет мамлекеттен келген көчөттөрдү адаптациялоо керек, бирок бул ишти жасоочу илимдер академиясын жана эле айтып кеттим. Көчөттөрдү табуу боюнча, биздин элдик айыл чарба министри Абдулла Ташиевич да өз оюн айтаар.

Жазылган макалага, фермерлерибиздин кызыгуусу жакшы болуп жатат. Урматтуу багбандар, мен бул ойду сунуштоодон мурун, бир топ материалдар менен таанышып, окуп көрүп анан жаздым. Мисте дарагынын мага жакканы, анын 500 жылга чейин өсүүсү жана 300-400 жылга чейин мөмө берүүсү болду. Бул келечеги бар жана иштей турган мыкты долбоор. Биздин балдарыбыз, неберелерибиз, керек болсо андан кийинки урпактарга кала турган проект. Биз дагы 50 жылдан кийин климаттын кандай болуп калаарын айта албайбыз.

Фисташки - Сад / огород - OLX.ua

Бизде дайыма эле суу ушундай кеңири болобу? Мөңгүлөрүбүз сакталып калабы? Мистенин катаал климатка, чыдамдуулугу үчүн сунуштадым. 50-100 жылдан кийин кургакчылык болсо да бул дарактар мөмө бере берет экен. Экинчиси мисте-арык, иштетилбей бош жаткан жерлерге отургузса, анын өсө берүүсү. Андай жерлер бизде толтура. Дагы баса белгилеп кетчүү нерсе бул, мистенин тамыры 10-15 метр тереңдикке чейин, радиусу дарактын айланасында 25 метрге жетет. Нымдуулукту абдан жакшы сактайт, ошол себептен бул дарактын айланасында, чөптүн өсүүсү жакшы болот. Кальцийди көп талап кылат жана сонун тазалайт (бизде шордуу, туздуу жер деп эгин эгишпеген жерлер). Күчтүү тамыр системасы, жер көчкүлөрдү эң сонун кармайт. Элестетиңиздер 500 жыл, мыча убакыт бетон менен арматура да чыдабайт.

Первый фисташковый сад появился в Одесской области – Новини між Лиманами —  Новини та події Лиманського району Одеської області. Лиманского  (Коминтерновского) района Одесской области.

1.Көп берилген суроолор Көлдө, Нарында өсөбү дегендер болуп жатат. Өсөт, бул абдан чыдамдуу дарак. Ар кандай сорттору бар, -25 градуска чейин чыдагандары бар. Болгону отургузулгандан кийин, кышка жакындаганда 4-5 жылга чейин, кышында жылуулап коюу шарт. Мисалы биз жанагы розаны жылуулагандай эле. Саман, чөп, 1-2 жылы топурак менен деле жаап койсоңуздар болот. Суугураак жерлер болсо, тоо кыркаларынын күнөстүү тарабына олтургузуңуздар. Тескей жагына эмес. Суугаруунун кереги жок. Анан 100 % гарантия жок, ошол себептен олтургузуп көрүңүздөр, эксперимент катары, анан билебиз.

Как организовать фисташковый бизнес, особенности выращивания и ухода за  фисташкой

2.Экинчи суроолор- көчөттү же уругун кайдан алабыз? Биринчи бөлүмдөгү комментарийлерди окусаңыздар, ошол жерде чоң базар болуп жатат. Саткандар, алгандар, өздөрү өстүрүп жаткандар ой-пикир бөлүшүп жатышат. Бирок буларга да эч ким гарантия бере албайт.

3.Мистени олтургузууда, анын эркек ургачысын эске алуу зарыл. 11+1 орто эсеп менен, арасынын алыс болгону жакшы. Анан ар түрдүү сортторду аралаштырып олтургузууну сунуштайт элем. Себеби кээ бир сорттору, 2-жыл мөмө берип, 1 жыл мөмө бербейт. Кээ бирөөлөр жылда бере берет. Бардык маалыматтарга ылайык, 4-5 жылдан кийин жылдырууга болбойт, себеби тамыр системасы аябай жайылат. Өсүмдүктөрдүн айсберги, үстү кичине, асты укмуш чоң, деңиздеги айсбергтей.

Эң башкысы, «движение кылыш керек эле» деп олтура бербей, кыймылдоо шарт. Биздеги адистер, аграномдор өз ойлорун бөлүшсө жакшы болмок. Түшүнбөгөн суроолор болсо жазыңыздар, интернеттен издеңиздер, иши кылып аракет жасаңыздар. Дагы кайталап айтаарым, бала-чакага, келечек муунга ушундай нерсени калтырыңыздар. 500 жыл сизди эстеп, мөмөсүнөн жегендерден сооп алып турасыздар. Элди саясатчылар эмес, фермерлер тойгузат. Өзүңүз өстүрүп көрдүңүзбү? - деген суроолор болуп жатат. Жок мен өстүрүп көргөн эмесмин. Өстүрүүгө шартым, жерим жок, шаарда турам. Бироок ошондой багбан болсом деген балалык тилегим бар. Сиздерди урматтоо менен Алим Таштан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости