www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда парламенттик башкаруу болгону менен депутаттар президентке көз каранды. Себеби, президенттин колунда УКМК бар. Мындай пикирди саясий серепчи Алмаз Тажибаев  “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.  

--“Кыргызстанда парламенттик башкаруу болгону менен депутаттар президентке көз каранды. Алар президенттен коркот. Себеби, президенттин колунда УКМК бар. Эгерде бир нерсени ачык айтса президент УКМК менен ага кылмыш ишин козгоп, ачык- айкын иштөөгө жол бербей келет.  Бул баарына эле белгилүү. Андыктан президенттик институтту жоюп салышы керек. Ошондо парлдаменттик башкаруу жакшы жыйынтык берет. Алар эч кимге көз краандысыз ачык иштейт. Ал эми депутаттарды эл шайлаган ошого алар элге жакын болушмак. Бир жагынан элдин башын айлантпай бир тараптуу кетсек жакшы. Ал эми сот система өздөрү билгендей калчап жатышат. Жемкорлукка батып кетти. Сот системасы дагы президенттен же парламенттен көз каранды болушу керек.

Кыргызстанда 4 институт болуп чачкынды болуп жатат. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгын коргошот. Элди эч ким ойлобойт. Карапайым эл жакшы адам президент болсо өлкө оңолот, жыргап жашайбыз деп ойлоп жатышат. Тилекке каршы президенттик башкаруу болсо тескерисинче чыгым көп. Президенттик башкарууну алса, бюджетке дагы үнөмдүү болот”,-дейт Тажибаев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости