www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өпөң-чычаң секирик жасаган Жеңиш Молдокматов парламенттик шайлоого баруу үчүн Сокеден бата алып, «Замандаш» партиясын алып чыкканы эсибизде. Генералдарды, байларды чогултканы менен марага жетпей калышкан.
Октябрь төңкөрүшүнөн соң Молдокматов туруксуздугун көрсөтүп, дароо Атамбаев жакка өтүп кетип, контрреволюция кылууга ашыкканы белгилүү. Эки ортодон Сокени сатып кеткенин жумурай журт көрдү.
Кызыгы, жаңы бийлик да кабыл албай койгондон кийин учурда оппозиция болумуш этип, башын чээнден көтөрүп калыптыр. Ошентип, саясатта жолу болбогон Жеңиштин айласы кетип турган чагы. «Замандашчы» лөктөрү Садыр Жапаровду колдоп кетишти. Элмурза Сатыбалдиев, Улукбек Ормонов, Үмбөт Кыдыралиевдер түштүк регионунда агитация кылып жүрүшөт.
Мелис Турганбаев, Дүйшөн Ирсалиев Нарындан Садыр Жапаровго карышкыр ичик жабууга, тайдын учасын тартууга аракет жасашса, ойлогондой «бовой» калдыбы?.. Ошентип, Молдокматов момойгон боюнча духу түшсө, «замандашчылар» чилдей тарап кетишкенине күбөбүз.
Булак: «Азия News» гезити