www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурбек Осмоновдой азаматтар менен өлкөбүздүн бүтүндүгү, улутубуздун улуулугу, кыргыз элинин миңдеген жылкы тарыхы сакталат. Кыргыздын каада-салтын, маданиятын өнүктүрүп, кыргызды жасаган жакшы иштери менен дүйнөгө таанытып, элинин татыктуу эр азаматы деген атка татыды.

Бүгүнкү күндө «Каганат» инвест холдингдин президенти, 11 кампаниянын башын бириктирген б.а:

1. Ихлас курулуш компаниясы

2. Кыргыз Текстиль Фабрикасы

3. Кыргыз унаа Курулуш

4. Ак Башат долборлоо институту

5. Энерго компания

6. ОсОО Ferra темир иштетуучу ишкана

7.  Гранит, мрамор жана травертин сары таш кайра иштетуучу ишкана

8. Базальт жана сендвич панель чыгаруучу ишкана

9. Арек road жол куруу ишканасы

10. Каганат футбол академиясы

11. Ихлас эл аралык мектептерин негиздөөчү, жаш ишкер Нурбек Осмоновдун жетекчилигинде, өлкөнүн түштүгүндө мурда Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй заманбап, көп тармактуу Кыргыз унаа курулуш иштери башталып олтурат. Аянты үч гектар жерди ээлеген бул курулуштун 16миң кв.метри өндүрүштүк ишканалары болсо, 2миң кв.метр аянты ар кандай складдык бөлмөлөр үчүн даярдалган. Бул заводдо эл аралык стандартка жооп берген Япониядан жана Европа өлкөлөрүнөн алып келинген оборудованиялар орнотулган.

Кыргыз унаа курулуштун биринчи этабында: кичине жана чоң ГЭСтер үчүн гидротурбиналар, генераторлор, ошондой эле ветровый генераторлор, дизельдик жана бензиндик генераторлор, ар түрдүү күчтөгү (мошность) өндүрүштүк жана үйлөрдө колдонуучу(бытовые) насостор, темирлерди иштетүүчү станоктор, смарт счетчиктер, экологияга зыяны тийбеген электробустар, жүк ташуучу машиналар чыгарат. Ушуну менен эле токтоп калбай, завод айыл чарбасына керектелүүчү ар кандай товарларды да өндүрүп чыгарат.

Ал эми Кыргыз унаа куруу ишканасынын экинчи этабында болсо, автомобилдерди чыгаруу пландалууда. Ал үчүн азыркы күндө Япониянын автомобиль иштеп чыгаруучулар менен келишимдер түзүлүп бүткөн. Завод өзүнүн иштеп чыгарган буюмдарын ЕАЭС жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөргө чыгарууну алдына максат кылып коюшкан.

Бүгүнкү күндө заманбап технологиядагы бардык ички медициналык жабдыктары менен тез жардам машинасы чыкты.

Буюрса Өкмөт тез жардам машинасын, мындан кийин Россиядан УАЗ ташыбай, Нурбек Осмоновдун унаа курулуш кампаниясынан түз сатып алса, Ата Мекендик ишкерлерди колдогон болобуз.

Жакынкы күндө автобус жана микроавтобус, жүк ташуучу портер машиналары чыгарылат.

Мына урматтуу кыргызстандыктар! Төмөндөгү видеону толук көрүп, ар бириң өз бааңарды бере аласыңар деген үмүттөмүн. Жүз уктап түшүбүзгө кирбей, жакынкы күндөрдө биз жашаган өлкөбүздө мындай жакшы окуялар болуп кетишинен үмүт деле кылбай калган болчубуз. Себеби, союз таркагандан бери бузганды, талап-тоногонду, уурдаганды өздөштүрүп, ал эми жаңы нерсени жаратуу эмне экенин эсибизден чыгарып койдук эле.

Келечектен үмүттөндүргөн, жаштарга үлгү болуп жакшылыкка үндөгөн мындай иштерди: өзүбүздүн эле кыргыздын уулу, Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну Нурбек Осмонов деген жапжаш азамат жигитибиз ишке ашырып жатат. Мына ушул Нурбек Осмоновдой азаматтар менен өлкөбүздүн бүтүндүгү, улутубуздун улуулугу, кыргыз элинин миңдеген жылкы тарыхы сакталып келген. 

Эң башкысы: бул Кыргыз унаа ишканасы курулуп жаткан жер, Оштун Жапалак айылына караштуу, илгери ак турпак казылып, таштандыга толуп жаткан кайракы жер болчу. Эми элестетип кое бергиле: ал жерди тегиздеп, суу алып барып, свет жеткирип, жана башка иштерине канчалык көп чыгаша, адамга сабыр, күч керек экенин. Келечекте адамдар жашай турган үйлөр курулат, канализация, эс алуучу парк, койчу толук кандуу шаарчага айланат.

Мунун баары биз отуз жылдан бери угуп жүргөн жомок эмес, бийлик башындагылардын биздин кулагыбызга салаңдатып илип келген лапшалары да эмес. Бул азыр башталып калган, келечекте ишке аша турган реалдуу чындык.

Нурбек Осмонов Акаевдей болуп бар нерсени бузуп, талкалабай, жаңы нерсени жаратып жатат. Атамбаевдей болуп өз элин тонобой, тескерисинче элине жакшылык кылайын деген аракети көрүнүп турат. Сапар Исаковго окшоп музейге, ТЭЦке колун салган жок, Албек Ибраимов сыяктуу кара башына 150га жерди ээлеп басып жаткан жок, Сегизбаев баштанып куру, жалгандарды сүйлөп ыйманын жутуп калган жок.

Нурбек Осмонов саясатты уруп да ойнобойт, аралашпайт, Мадумаровго окшоп «менден өткөн кыйын жок» деп мен-менсинип мактанбайт. Жөн гана элиме кызмат кылайын, кыргызымдын уул-кыздары башка улутка кор болбой, өлкөбүздө иштесин, бул жашоодо из калтырып өтөйүн деген аруу тилектери менен ушундай иштерди баштап олтурат.

Айткандай, ошол унаа курулуш заводу бүтүп калса, азырынча болжол менен 11миң адам иш менен камсыз болот делип болжолдонуп жатат. Жаштардан 500ү тандалып, Европа өлкөлөрүнөн атайын квалификациялык специалистер болушуп, атайын окуу жайларын бүтүп келишет.

Эмне демек элек: Эң оболу Нурбектей патриот, иш билги жигитти тарбиялап өстүргөн ата-энесине рахмат деп таазим кылабыз. Өзүнүн иши ийгиликтүү болсун, жорткондо жолу болсун, жолдошу Кыдыр ата болсун. Баштаган ишинин үдөсүнөн чыгып жүзү жарык болсун!

Шамурза Бөрүкулов

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости