www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 30 жаштагы келин беш эм төрөдү

Тажикстандын Хатлон облусунун Кубодиен районунун тургуну, эки баланын энеси 30 жаштагы келин Дилноза Мамадова үчүнчү баласын күтүп жаткан, ал жаңы жылдын алдында беш эм төрөдү. Алардын экөө эркек бала, үчөө кыз.

«Озоди» радиосунун берген маалыматы боюнча, төрөткө Душанбе шаарындагы Республикалык төрөт үйүнүн дарыгерлери катышкан. Алардын айтымында, ымыркайлардын абалы канааттандырарлык. Дилноза Мамадова эки ай бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, акыркы 20 күн төрөт үйүнүн ооруканасында болгон.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын чоң атасы Мамад Бобоев эркек балдарга Хасан жана Хусейн, ал эми кыздарга Фатима, Зухра жана Хадича деген ысымдарды берген.

Хатлон облусунун башчысы Курбон Хакимзода келиндин жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ден-соолугунан кабар алып, үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү. Ошондой эле, ал беш эмдин ата-энесинин үйүн тез арада оңдоону тапшырды.

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары бул үй-бүлөгө мамлекеттен жаңы турак-жай берилет деген үмүтүн билдиришүүдө.

Беш эмдин төрөлүшү сейрек көрүнүш. Статистикага ылайык, беш эм төрөө ыктымалдуулугу 60 миллиондун бирине гана туш келет. Тажикстанда буга чейин үч, төрт эм төрөлгөн учурлар болгон. Бийлик органдары жана айрым жарандар мындай энелерге материалдык жардам көрсөтүшөт.

2015-жылы төрт эм төрөгөн Душанбе шаарынын 26 жаштагы тургуну Гүлшан Мажнуновага мамлекет тарабынан белек катары үч бөлмөлүү батир берилген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости