www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгуу үчүн COVID-19 илдетине текшерилүүнү эки мамлекеттик лаборатория жүргүзүп жатат. Лабораторияда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эрежесине ылайык, анализ ПЦР ыкма менен алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымады. Алар - Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсүндө №535 үйдө жайгашкан вирусологиялык референс-лаборатория, экинчиси - Ош шаарындагы Байтемиров, 53 дарегиндеги лаборатория.

Маалыматка ылайык, анализ тапшыруунун баасы 1574 сомду түзүп, жыйынтыгы үч тилде 6-8 сааттын ичинде чыгат. Бирок бул лабораторияларда ооруканаларда дарыланып жатып коронавируска шектелип текшерилген бейтаптарга артыкчылык берилет. Алар акысыз жана чет өлкөгө кетүү үчүн анализ бергендерден биринчи текшерилет.

Мамлекеттик лабораторияларда чет өлкөгө чыгуу үчүн анализ тапшыргандарга кызмат көрсөтүүгө жетишпей жаткандыктан Саламаттык сактоо министрлиги анализ алууну каалаган жеке менчик лабораторияларга тийиштүү эрежелер менен аккредитациядан өтүүгө кайрылган.

Саламаттык сактоо министрлиги «Бонецкий», «Аква», «Гемотест» жана «Интермедикал» лабораторияларына коронавирустун анализин алууга уруксат берди. Бирок учурда алардын экөө гана иштеп жатат. Баасы - 2500 сом.

2-январда социалдык тармактарда Бишкектеги лабораториялардын биринде коронавируска тест тапшырууга келгендердин тыгыны пайда болуп жатканы тартылган видео тарады. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости