www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги №47 абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келерки аптада башка колонияга которулат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Белгилей кетсек, азырынча Атамбаевдин кайсы абакка которулары белгисиз.
Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова азырынча маалымат жок экенин, мурдагы президентке соттун өкүмү чыкса жасаган кылмышынын оордугуна карата жаза өтөй турган абак тандаларын билдирди.
Былтыр октябрь айында Жогорку сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Алмазбек Атамбаевге карата “Батукаевдин иши” боюнча өкүмдү кайра күчүнө киргизген.
Алмазбек Атамбаев 6-апрелде Октябрь окуялары боюнча сот отурумунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүн Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 колонияга которууну тиешелүү жетекчилерден суранганын билдирген. Ал бул чечимге №47 колониядагы өтө оор шарт жана орой мамиле себеп болгонун айткан.
Өкмөт буга чейин №47 абакты толугу менен бузуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которуу чечимин кабыл алган. Жаза аткаруу кызматы Атамбаевдин айланасындагы окуялар бул иштерге байланышы жок экенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg