www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев бүгүн боштондукка чыгат

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИК-47ден бошотулушу керек. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

"Эгерде алар мыйзамды туура аткарышса, анда аны бошотуш керек. "Президенттин жана экс-президенттин статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенде гана мамлекеттик коргоо алынып салынат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Шаршеновичти мамлекеттик коопсуздукту камсыздап, аны демейки шартта, же автоматтык түрдө жасашы керек", - деди жактоочу.

Белгилей кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаев Биринчи Май райондук соту тарабынан 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Өкүм Бишкек шаардык соту тарабынан каралып, чечим өзгөрүүсүз калган.

Эске салсак, кечээ, 30-ноябрда Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевге чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөттү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости