www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө 33 миллион адам СПИДден көз жумду

Бүгүн, 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын аткаруучу директору Винни Бьянима атайын кайрылуу таратты. Анда БУУнун өкүлү адамзаты айрыкча коронавирус пандемиясы маалында ВИЧ инфекциясына каршы күрөштөн сабак алышы керектигин, дарылануу, дары-дармек, вакцина менен камсыз болуу байлардын гана энчисине тийбей турганын билиши зарылдыгын билдирди.

Бьянима өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө миллиондогон адам бул айыккыс дарттан дарыланууну күтүп жатып көз жумганын эскертти. Ал ошондой эле коронавирус пандмиясынын айынан соңку 20 жылда ВИЧке каршы күрөштөгү жетишкендик кайра артка кетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Уюмдун эсебинде, COVID-19дан улам саламаттык сактоо тармагы каатчылыкка кептелип, дүйнө жүзүндө 2022-жылга чейин дагы 293 миңден көп адамга ВИЧ жугуп, 148ге чукул бейтап ажал табышы ыктымал.

БУУнун маалыматына ылайык, былтыр ВИЧке кабылган 12 миллион адам убагында керектүү дары-дармек ала алган эмес. Ошондой эле 2019-жылы бул илдетке дагы 1,7 миллион киши кабылган.

1980-жылдардын башынан бери СПИД пандемиясы учурунда 33 миллиондон ашык адамдын өмүрү кыйылды. Бул оору менен азыр дүйнө жүзүндө 38 миллиондон көп адам ооруйт.

СПИДге каршы бүткүл дүйнөлүк күн 1988-жылдын 1-декабрынан тартып белгиленип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости