www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрда 7 миллион сом пара алууга шектелип кармалган президенттин Жогорку Кеӊештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев депутат Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу vb.kg басылмасы Улуттук коопсуздук органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Курманбек Дыйканбаев тергөө менен кызматташып баштады.

Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча камакка алынган. Биринчи май райондук соту Курманбек Дыйканбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. 

Тергөөнүн жүрүшүндө, Курманбек Дыйканбаев 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо учурунда саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызмат орундан бошотом деген коркутуу менен 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаганы тастыкталган. 

Такталбаган маалыматтарга караганда, бул “Дастан” мамлекеттик ишканасы болушу мүмкүн, анткени анын жетекчиси Талантбек Иманов “Биримдик” партиясы менен шайлоого аттанып, талапкерлердин тизмесинде 9-орунда турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости