www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 9-январда №47 колонияда добушун берди. Бул тууралуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
--"Алмазбек Атамбаев жаткан абакка кечээ көчмө урна алып барышкан. Ошондо мурдагы өлкө башчы башка жазасын өтүп жаткандар менен бирге шайлоого добуш берди" -деп айтылат маалыматта.
Ал эми Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев төмөндөгүлөргө токтолду.
--"Мыйзам боюнча соттун өкүмү чыгып, абакта жаткандар шайлоодо добуш берүү укугунан ажыратылат. Ал эми СИЗОдогулар тергөө астындагы айыпталуучулар болгондуктан добуш берсе болот. Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунан №47 абакка ден соолугуна байланыштуу которулган. Учурда Атамбаевге карата тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондуктан абакта болгону менен СИЗОдо кармалганына барабар" , - деди жактоочу.
Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев добуш бере алган эмес.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg