www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эл кандай болсо, башкаруучусу да так ошондой болот», - дейт белгилүү ырчы Мирбек Атабеков. Мындай пикирин ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Эл кандай болсо, башкаруучусу да так ошондой болот. Бизде болгон президенттерди, болушунча баарыбыз жамандадык, нааразы болдук, бирок, ошолорго добуш берип, аларды президент кылган өзүбүз, демек, өзүбүздө да күнөө бар! Бул ирет дагы менин оюмча, үгүт иштеринде ким көп акча коротсо, ошол талапкер өтөт болушу керек, тилекке каршы», - дейт ырчы мырза.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Ушул тапта Кыргызстана 2428, чет өлкөлөрдө 48 добуш берүү участогу иштеп жатат. Жалпы 3,5 млн ашуун шайлоочу катталган.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:

-президенттик;

-парламенттик;

-баарына каршы варианттары коюлган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости