www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-апрелде Биринчи май райондук сотуна жеткирилген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал 23-мартта күч менен сотко жеткирилгенден кийин ден соолугу начарлап кеткенин билдирди.
«Мен тиземди көрсөтмөкмүн, бирок азыр ыңгайсыз. Түрмөдө медициналык кароодон өткөрүшкөндө олуттуу мамиле жасашпайт. Менин каза болушум үчүн убакытты созуп жатышат окшойт. Бирок менин алдымда өлбөшүм керек деген тапшырма турат. Мен Садыр Жапаровго жооп бергенден кийин, ал мага таарынган окшойт», - деди Атамбаев. Ал бул күндөр да өтөрүн айтты.
«Баары Кудайдан. Жашагым келет, бирок чөгөлөп эмес», - деди Атамбаев. Ага түрмөдөгү коркутуулар боюнча да суроо узатылды. Атамбаев ага баары сый менен кайрылып жатышканын билдирди.
«Коронавирустан кийин жүрөгүмдө көйгөй жаралганын билип, инфаркт же инсульт болсун деп жатышат деп ойлойм. Бирок инсульт болуп жатып калганча, инфаркт болгон жакшы. Мунун баары майда иштер. Мени менен адилеттүү болуш керек», - деди Атамбаев.
Ал сот отурумдары цирк экенин белгиледи. «Отурумдарды менсиз өткөрүү боюнча жазуу түрүндө кайрылып жатам. Батукаев боюнча сотто болгон эмесмин, райондук, шаардык, Жогорку сотко барган эмесин.
Ошондой эле кылышпайбы, мен каршы эмесмин. Мейли өмүр бою камасын, бирок мени кыйнашпасын. Мен баары бир чыгам», - деди Атамбаев. Сотто 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар каралууда. Отурумга судья Убайдулла Сатимкулов төрагалык кылып жатат.
Бул иш боюнча Фарид Ниязов да сотко жеткирилген. Ошондой эле Курсан Асанов, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов, Өмүрбек Бабанов жана Канат Сагымбаевге да айып тагылган. Өмүрбек Бабановдун материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.
Булак: NazarNews.kg