www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Атамбаевдин абалы начарлап,

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму өттү. Сот отуруму бүткөндөн кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы абалы начарлап, "Тез жардам" чакыртылган.

Алмазбек Атамбаев сотто журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага жасалып жаткан мамилени "майдачылдык" деп атаган. Ал анын түрмөдөгү шарты Сооронбай Жээнбеков тушундагыга караганда жакшы экенин айткан.

Буга чейин 23-мартта Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинеден чыгуудан баш тартып, отурум 30-мартка калтырылган. Анын адвокаты жана жакындары ал сотко мажбурлап жеткирилгенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча Facebook баракчасына пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости