www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков эки депутаттын мандатын тапшырышынын себебин "Парламентаризм сабактары" берүүсүндө айтты.

"Бул ар бир саясий күчтөрдүн ичиндеги процесстер. Алмазбек Эргешов Аксы районунда жакшы иштерди алып барды. Ал эмки шайлоого катышам, даярдык көрүшүм керек деди. Даярдык көрөм деп жатса жок сен Жогорку Кеңеште отурушуң керек деп кармабайбыз да. Коомчулукта Шаршенбек Абдыкеримов келем деп, ал ордун бошотуп берди деген сөз болуп жатат. Жаныбек Исаев дагы шайлоого даярдык көрүшүм керек деп кетти", - дейт Баатырбеков.

Мындан сырткары, фракция лидери парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясын Канат Исаев жетектеп бара турганын айтты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости