www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш түзүлдү жана анын Жобосу бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоого байланыштуу маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо максатында кабыл алынды.

Кеңеш Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн чечүүгө байланыштуу  туруктуу иштөөчү коллегиялык кеңеш берүүчү, майыптыгы бар адамдарды колдоо жаатында натыйжалуу мамлекеттик саясат түзүүчү, майыптыгы барларды реабилитациялоо жана алдын алуу чараларын иштеп чыгуу жана бул тармактагы мыйзамдарды аткаруу боюнча орган болуп саналат.

Эскерте кетсек, буга чейин 2011-жылдын 21-ноябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасы Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулган. 

2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков «Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгон. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости