www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев коронавируска чалдыгып, учурда сакайгандыктан, ооруканадан үйүнө чыгарылган. Бул маалыматты NazarNews маалымат агенттигине жеке булактар тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, Жаныш Бакиев жана анын үй-бүлөсү COVID-19 инфекциясына кабылганы тастыкталгандан кийин 1-майда Минсктеги клиникалык ооруканалардын бирине жаткырылган.

“Жакында Жаныш Бакиев ооруканадан чыгарылды. Азыркы учурда ал жана анын үй-бүлөсү өздөрүн эң жакшы сезип жатышат. Беларусиянын дарыгерлери азамат экен, эң жакшы карашты”, - деп билдиришти жеке булактар.

Анын айтымында, Бакиевдердин башка ага-инилеринин эч кимиси COVID-19 илдетин жуктурган эмес.

Эске сала кетсек, 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин Бакиевдер өлкөдөн чыгып кетишкен.

Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен достошот. Ошондой эле Беларусиянын Улуттук биотехнология корпорациясында, Минск шаарындагы коттедждерде жана борбордогу жерлерде үлүшкө ээ.

Булак: NazarNews.org

Последние новости