www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир гана Кыргызстанды эмес, дүйнө жүзүн каптаган илдетке каршы күрөштө ак халатчан дарыгерлердин эмгеги баа жеткис экенин бешиктеги балага чейин билип, баалап-барктап калганын эч кимибиз тана албайбыз. Өмүр сакчылыгында турган дарыгерлердин катарында ИИМдин Медицина башкармалыгынын, анын жер-жерлердеги бөлүктөрүндө эмгектенип келе жаткан ак халатчандар да бар. Биздин бүгүнкү маектешибиз ИИМдин Медицина башкармалыгына караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы, милициянын майору Жумашова Айнура Батманкуловна.

--Айнура Батманкуловна, кеп башында Сиз жетектеген кызмат, анын милдеттери тууралуу кеп кыла кетсеңиз.

--Медицина башкармалыгына караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түзүлүү тарыхы 1976-жылдан башталат. Ал кезде санитардык кызмат өзүнчө, эпидемиологиялык кызмат өзүнчө болуп, санитардык-гигиеналык жана бактериологиялык лабораториялар иш жүргүзчү экен. Учурда бул кызматта мен, эпидемиолог дарыгер, санитардык дарыгер жана бир фельдшер болуп иш жүргүзүп келе жатабыз. Биздин негизги милдет- жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес (улануу ж.б) оорулардын алдын алуу иштерин жүргүзүү болуп саналат. Каракол, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы медицина кызматтарында эпидемиолог дарыгерлер бар, бизге түздөн-түз баш ийбесе да, ай сайын аткарылган иштер боюнча отчетторун берип турушат. Алардын берген маалыматтары боюнча биз өлкө ичинде жугуштуу оорулардын саны канча болгонун тактап, көзөмөлгө алуу менен аны Республикалык санитардык-эпидемиологиялык борборго жөнөтүп турабыз. Ага кошумча убактылуу кармоочу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдөө да биздин милдетибиз болгондуктан, жогоруда мен айтып өткөн үч кызматкер болуп республикадагы дээрлик бардык ички иштер бөлүмдөрүн кыдырып чыктык. Текшерүүнүн жыйынтыгында УКЖлардагы санитардык абалды оңдоо, кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча ОИИБ, ШИИБдердин жетекчилерине атайын кат жолдодук. Андан сырткары, ИИМге караштуу бала бакчалардагы, окуу жайларындагы, тамак-аш даярдалуучу жайлардагы санитардык абалды, ички иштер бөлүмдөрүнүн имаратынын жалпы абалын тыкыр көзөмөлгө алып, кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды берип турабыз. Бакчада балдарга эмдөө иштерин жүргүзүп, жугуштуу оору көбөйүп кеткен учурларда карантин киргизип келебиз.

--Бир эле Кыргызстан эмес, учурда дүйнө эли оор күндөрдү баштан кечирип, covid-19 илдетине каршы күрөшүп жатпайбы. Сиздерге өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген учурда кандай милдеттер жүктөлдү?

--Өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилгенге чейин эле атайын лекторлорду чакыруу менен коргоочу кийимдерди кантип кийип, кантип чечүү керектиги тууралуу дарыгерлер арасында сабактарды өткөрдүк. Ал дарыгерлер өз кезегинде өздөрү иштеген бөлүктөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Өзгөчө кырдаал киргизилген күндөн баштап ИИМ менен бирдикте комплекстүү иш-чаралардын мерчеми түзүлүп, ошол иш-мерчемди жүзөгө ашыруунун үстүндө иш жүргүзө баштадык. Мындай кырдаалдагы дарыгерлердин иш-аракеттеринин алгоритми тууралуу өзүбүздүн башкармалыкта да атайын иш-мерчемдер түзүлүп, жер-жерлердеги медицина кызматтарына жөнөтүлдү. Анын негизинде облустардан таблица түрүндө учурга байланыштуу так маалыматтарды алып жаттык. Кызматкерлер арасында жогоруда аталган жугуштуу илдетке чалдыккандар кезиге баштагандан кийин, келип кеткен адамдар арасында карым-катнашты азайтуу максатында поликлиникада атайын иш-чаралар көрүлүп, атайын коргоочу кийим менен нөөмөткер дарыгер дайындалды. Кийилген коргоочу кийимдерди дезинфекциялоо, жок кылуу боюнча ж.б. атайын чаралар көрүлгөн.

--Медиктер арасында бул илдетке чалдыккандар аз эмес экени маалым. Коргоочу кийимдер менен толук камсыз болгонсуздарбы?

--Ооба, коргоочу кийимдер, антисептиктер менен толук камсыз болгонбуз, керектүү нерселердин баарын берип жатышат. Жакында эле коргоочу көз айнек, маска, коргоочу щиттерди алдык. Жугуштуу илдетке чалдыккан кызматкерлерден ПЦР анализ алуу үчүн, бир медайымды шаардык санитардык-эпидемиологиялык станция менен биргеликте атайын даярдыктан өткөрдүк. Кайсы бир кызматкердин дене табы көтөрүлүп жаткан болсо, анын үйүнө барып, анализдерин алып жаттык. Башка жардам керек болуп калбасын деп, айрым учурда терапевт-дарыгер да биз менен чогуу болду. Андай учурда тез жардам автоунаасынын айдоочусунан тарта баарыбызга атайын коргоочу кийимдерди кийүү каралган. Бүгүнкү күнгө чейин биздин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан (6-майга чейин) 190 экспресс-тест, 284 ПЦР анализ алынды. Үймө-үй кыдырып, байланышта болгон үй карантиндеги адамдардын анализдерин алуу да биздин милдет. Кайрадан алынган анализдердин жыйынтыгы терс чыккандан кийин, аларды карантинден чыгарууну да тескеп жатабыз. Анализдери оң чыккан учурда ал кызматкерди шаардык мобилдүү топ өзү алып кетип, бизге ал адам менен байланышта болгондорду тактоо, эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү милдети жүктөлүүдө. Тыгыз байланышта болгон адамдарды үй карантинге кетирип, экинчи категорияда байланышта болгондорго байкоо жүргүзүп турабыз. Үй карантинге чыгарылгандар тууралуу алар жашаган аймактагы үй-бүлөлүк дарылоо борборлоруна кабарлайбыз, айтор, түйшүк жетиштүү.

-Түйшүктүү ишиңиздерде көйгөй жок эместир?

--Албетте. Биринчиден, биздин өздүк курамдын саны аз, ишке жетише албай түйшүк тартып жатабыз. Бир дарекке бара жатсак, «келе калгыла» деп экинчи даректен чакыруу түшөт. Обсервация ачылган күнү түнкү саат он эки, бирге чейин ал жакта болуп, кайра келип түн ичинде штабга жөнөтүү үчүн отчет жазган кездер өттү. Жок дегенде бир кошумча кызматкерибиз болсо, тийиштүү кагаздарды ошол жаза бермек. Дагы бир көйгөй -бактериологиялык лабораториябыз авариялык абалда. Жетекчилигибиз деле бул көйгөй тууралуу канча жолу айтып жатат, бирок чечилбей келе жатат. Лабораторияны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп иштетип алсак, көптөгөн анализдер өзүбүздө жасалып, кызматкерлер үчүн жакшы болмок.

--Санитардык-карантиндик постторду кыдырып көрдүңүздөрбү?

--Албетте, өзгөчө кырдаал киргизилген күндөн баштап, күн алыс санитардык-карантиндик постторду, ачылган обсервацияларды кыдырып, милиция кызматкерлеринин ал-акыбалынан кабар алып, тиешелүү коргоочу жабдыктар менен камсыздалганынан кабардар болуп турдук. Айрымдар башы, кулагы ж.б. ооруп жатканын айткан учурлар болду, андайда дарыгер-терапевт ошол замат аларды текшерүүдөн өткөрүп, тиешелүү дары-дармектерди жазып берип же дарыланууга жөнөткөн учурлар болду. ИИМдин Финансы-чарба башкы башкармалыгы менен бирдикте обсервацияда турган айрым кызматкерлерге атайын коргоочу кийимдерди таратып бердик. Андан сырткары обсервацияларда турган кызматкерлерден анализ алынып, он төрт күнгө үй карантинине кетирилип жатты. Онунчу, он биринчи күнү алардан кайрадан анализ алынып, жыйынтыгына карап жумушка чыгууга уруксат берип жаттык. Иш деп жүрүп түн ортосунда үйгө барган учурларды баштан көп эле кечирдик. Кийген кийимибизди кире беришке калтырып, анан жуунуп-тазаланып дегендей, санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого аракет кылып келе жатабыз.

--Адис катары бул илдеттин алдын алууда эмнелерге көңүл буруу зарыл дейт элеңиз?

--Эң негизгиси, ар ким жеке санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактаса дейт элем. Антисептиктен мурда кадимки самын менен колду жакшылап жууш керек, бул нерсе эң натыйжалуу чара. Үйдө болсо оозду туздуу суу менен чайкап, мүмкүн болушунча бат-бат бөлмөлөрдү желдетип туруу зарыл. Эшиктен келген кийген кийимин, бут кийимин кире беришке калтырып, жууганын жууп туруш керек. Андан кийин антисептик, маска колдонууну эстен чыгарбашты айтар элем. Ар бирибиз жеке гигиенаны сактоо менен, илдетти чогуу жеңүүбүз зарыл.

--Сизге эркин микрофон...

--Мени менен кошо күндүр-түндүр өмүр күзөтүп кызмат өтөп келе жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирет элем. Эң көп дегени 8 миң, арты 4 миңден айлык акы алгандарына карабастан, бел чечпей иштеп келе жатышат. Кесиптештерим дайыма ден соолукта болуп, ант чегинде кызмат өтөй беришсин деген тилектемин.

Ы.САГЫМБАЕВА 

Булак: NazarNews.org

Последние новости