www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентикке талапкер болгон, өз көз карашы, кандай кырдаал болсо да өзгөчө оюу бар Алмазбек Каримов менен кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк.
-Алмазбек мырза, Курманбек Бакиевдин иниси Адылбек Бакиев 2010-жылкы революцияда бийликти сактап калуу үчүн ок аттырышпаганын айтып, Форум тараптан элге атайын курал берилгенин айтыптыр. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү андай болбогонун айтышат. Сиз кимисинин айтканына ынанасыз?
-Ар ким өзүнө ыңгайлуу сөздөрдү айтып, андай эмес, мындай деп коңгуроо кага берет. 7-апрелде төңкөрүш болуп, уюштуруучулар тараптанбы же капыстанбы айтор, эл куралданган. Бийликти коргойбуз деген күч органдары да курал менен турушкан. Бирок, бул төңкөрүшкө демөөрчү болгондор Талас тараптан эки камаз курал алып келген деген да маалыматтарды уккам. Ушул жагын эске алганда, курал кимдир бирөөлөр тарабынан таралганбы деген ойго ишенип кетесиң.
-Атамбаев “миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз”- деп айтканын Феликс Кулов да китебине жазган экен. Ал сөздүн чындыгы барбы? Же Атамбаевди каралоо үчүн жөн эле жалаа жаап жатышабы?
-Атамбаев революцияга демөөрчүлөр болгон деп мойнуна алган жайы бар. Журналист Ырысбек Өмүрзаков орустар уюштурган деп китебине жазган. Бакиевдин сырткы саясаты кээ бир күчтүү державаларга жакпай калып, Бакиевдин бийлигине каршы чыга турган Атамбаевди таап аны колдоого алышса керек. Негизи китепке жазылган сөздөр жөн жерден жазылбайт. Анткени алар көркөм адабият эмес, аналитика, тарых.
Бийликке мас болгон, бийлик көзүнөн учкан адамдар бийликсиз калганда көп болсо миң адам өлөт деген лозунгдарды байкабай айтып да жибериши да мүмкүн. Чынында Атамбаев учурунда андан да жаман сөздөрдү айткан. “Керек болсо түштүгүңдү бөлүп ал” дегенге чейин барган. Ошон үчүн мындай сөздөрдү мезгилинде айтса айткандыр деп ойлойм. Кулов да бир билгени бар үчүн жазгандыр да.
-Бакиевдин доорунда мамлекет үчүн пайдалуу иштер жасалды беле же Атамбаевдин доорунда колдоого алчу иштер көп жасалдыбы?
-Бакиевдин убагында өзүбүздүн дүң продукциябыз көбөйгөн. Көрмөксөн болсок да, экономика жогорулаган. Айлык акы, пенсиялар көтөрүлгөн. Курулуш иштери жанданган. Атамбаевдин убагында болсо, экономикабыз Кудай буюрса деген сөздөй эле болду. Экономика өсмөк турсун артка кетти. Азыркы президент мамлекет башчылыгына өтө оор абалда келди. Себеби, Атамбаевдин убагында экономика өлдү. Экономикасы төмөн мамлекет мамлекет эмес. Көз каранды тилемчи мамлекет болот. Ал жактан бул жактан суранып алып келген акчаны инвестиция эмес кредитке келген акча деп, туура эмес пайдалана бергендин азыр кесепетин тартып жатабыз. Бюджетти толуктай турган экономикалык блок болсо, бюджетти толтура албай аргасы кетип, айып пулдарды ашыкча жогору жазып, элдин жонунан кайыш тилип жатышат. Мурда иштеп кеткен эки президенттин ишин салыштырып көргөндө Бакиевдин убагында мамлекетте алдыга жылыш болгону байкалат. Мен Бакиевди келсин деп же аны сагынып жаткан жокмун. Атамбаев ал баштаган иштерди эле бүтүрүп, ал жолго салган схемаларды эле ишке ашырып, иштемиш болгонун айткым келет. Маселен, Атамбаев ЦАРИнин схемасы менен эле иштеп, ал турсун ал схеманын да ашмалтайын чыгарды. Бакиев революциялык жол менен бийликтен кеткен үчүн анын жакшы иштери айтылбай, коомчулукта байкалбай калды. Атамбаев мен кыйраттым деген 145 мектепке да Бакиевдин убагындагы бюджеттен акча бөлүнгөн. Бакиев баштаган мектептердин кызыл лентасын Отунбаева менен Атамбаев кести. Төңкөрүш менен бийликке келген үчүн жеңиш Атамбаев тарапта болуп, мурунку бийликтин мактоого арзый турган көп жакшы иштери көз жаздымда калды.
-Бакиевдин бир туугандары Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар экен. Азыркы бийлик аларга инвестиция тартууга шарт түзүп бере алабы?
-Бакиев, Акаев деле бизге окшогон эле жарандар. Башка мамлекетте ардактуу атуул болсо да алардын жан дүйнөсү киндик каны тамган жерге тартып турат. Алар Кыргызстанга инвестиция алып келсе неси жаман. Акаевдин эки жарым миллиард доллары бар экен. Бакиевдин да миллиондору болсо керек. Андай каражат Атамбаевде да бар. Завод фабриканы куруп иш орундарын түзүшсүн. Иштешсин. Кыргыз эли кечиримдүү элбиз. Ушунча убакыт өттү деп кечириши да мүмкүн. Убакыт дарылайт демекчи жараттары деле бүтсө керек. Прокуратуранын суроолоруна жооп берип, аппак болушса актыгын далилдеп иштей берсин. Бирок бийликке аралашышпасын деген талап коюшубуз керек. Анткени, алар бийликти башкарып бүтүшкөн. Кандай иштээрин, мүмкүнчүлүгүн көргөнбүз. Экс-президенттер саясий болбосо да, экономикабыз жогорулай турган шарт түзүп беришсин. Анткени, Кыргызстанда акча жок деп баары кетип жатат. Ушундай мезгилде мамлекетке колдоо кылсын.
-87-баланы өлтүргөнсүң дегендер Бакиевди кечире алабы?
- Бакиев Кыргызстандын сотторуна ишенбесин, эл аралык сот караса гана адилеттүү чечим болоорун айтып жатат. Эгерде талаштуу маселелер боло турган болсо Кыргызстандын мыйзамдуу аксакалдар соту бар. Эгерде сот бийлигине ишенбесе ошолорго кайрылсын. Талаштуу маселени ошолор чечип берсин. Бакиев сот бийлиги көз каранды болбогону үчүн адилеттүү сот болбойт деп чочулаганынын да жөнү бар. Ага баарыбыз эле күбөбүз. Бул жерде экстер келип акчасын экономиканы көтөрүүгө жумшаса, саясатка аралашпасын деген талапка көнүшө кыргыз эли эле утат.
-Экс –спикерлер мамлекет башчыга кеңеш берип тура турган болушуптур. Алардын кеңешинен мамлекетке пайда болобу?
- Мамлекет башчыга сунуш берип, акыл кошуп тура тургандар колдорунда бийлик барында эмне үчүн өнүгүп кете турган реформа жасашкан эмес. Анан азыр чогула калып, акылдуу сөздөрдү айтса эле укмуш болуп кетишпейт да. Булардын дымагын учурунда көргөнбүз. Мамлекет эч кандай кеңешчилерсиз эле эл тараптан көзөмөл күч болсо, мыйзам баарына бирдей иштесе эле өнүгүп кетет. Негизи кандай кыймыл түзүлбөсүн алардын түпкү максаты бийликке жетүү болот. Президент булардын айрымдарын бийликке тартса, азыркы бийликтин катачылыгы болот. Анткени, мына ушундай кеңешчилер мамлекетти туңгуюкка алып келген. Ошону эстен чыгарбашыбыз керек.
-Бүгүн парламентте сабатсыз депутаттар отурабы? Катты жөндөп жаза албагандар даражалуу кызматта иштей баштадыбы?
-Депуттардын басымдуу бөлүгү сабатсыз. Алардын көпчүлүгү базар экономикасынын шартында иштеп, бир жерден алып, экинчи жерге сатып байыгандар. Алар ишке алаксып, учурунда билим ала алышкан эмес. Ошон үчүн билим деңгээлдери төмөн. Кат жазган эмес, сүйлөгөнүнөн деле байкасак болот. Депутаттарды Кыргызстандын элитасы деп атоого тилиң барбайт. Булар ошондой деңгээлдеги адамдар парламентке толуп алган. Кийинки шайлоодо ар бир жаран ар бир талапкерди терең карап, анализ жасап анан добуш берет деп ойлойм.
–Шайлоо системасын өзгөртүш керекпи? Же өзгөртүүгө муктаж эмеспи?
-Бул шайлоо системасы, олигархтар үчүн түзүлүп калган Шайлоо кедекси. Ошон үчүн күрөөнүн көлөмүн да көбөйтүлүп, чектөөчү нормаларды көп киргизилген. Андан сырткары элдер ар бир талапкерге эмес, жалпы партияга добуш бере турган болуп калган. Партиянын тизмеси менен кандай коррупционерлер мандатка ээ болгонун көпчүлүк эле шайлоо бүткөндөн кийин билишти. Ошондуктан, бу сапар да партиялык система менен шайлоого бара турган болсок, көп нааразычылык жаралат. Бүгүн Кыргызстанга ашмалтайы чыккан шайлоо системасынын кереги жок. Анткени, парламенттеги мандаттар кадыр-баркына элдин колдоосуна карап эмес, көпчүлүк партияларда акчага карап чечилип калган. Ошон үчүн партиянын лидерине көз карандылык күч. Кескин түрдө шайлоо кодексин жана конституциялык нормаларды өзгөртпөсөк, мунун кесепетин тартып калабыз. Ошон үчүн парламент да, премьер-министр да жоопкерчиликти ала турган кылышыбыз керек. Антпесек, булар эптеп эле депутат болуп алса, же премьер-министрлик кызматка жетип алса , элди экономиканы да унутушат. Популисттик сөздөрү мамлекетке бийликке жетишкени менен мамлекет үчүн пайдалуу иш кыла алышпайт. Ошон үчүн шайлоо системасын өзгөртүшүбүз керек.
-“Кыргызстан” партиясында иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамга өткөн жылы мандат беришкен. Парламент мамлекеттин мээси деген критерийде карпай турган болсок, неге мандатты иштей албаган адамга кор кылабыз? Бир мыйзам жазбаса да, бир күн да ишке келбеген депутатка жана жардамчысына мамлекеттин акчасын коромжу кыла беребиз?
-Шайлоо мезгилинде карапайым элдин башын айландырып, партиябыздын катарында мүмкүнчүлүгү чектелген, бирок, ишкерлик менен алек болгон адамдар бар деп бирөөнүн трагедиясынан пайда таап, элди эмоцияга алдырууга аракет кылышат. Ал турсун бул киши турмуштун кыйынчылыгын көргөн, эл үчүн иштеп берет деген лозунгдарды айтышат. Ошон үчүн биз парламентке келген депутаттардын санына эмес, сапатына карашыбыз керек. Келерки шайлоодо парламентке иштеп бере турган, акылы тунук, иштин көзүн таба алган, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон адамдарды шайлашыбыз керек. Эми аферисттик, сыйкырчылык ыкмаларга алданбай туура тандашыбыз керек.
-Негизи бир күн да ишке келбеген депутатка неге парламент чара көрбөйт?
-Депутаттардын ички регламенти бар. Ал регламентте канча күн келбей калса, айлыгынан ажырайт, дагы жыйынга мынча күн катышпаса, мандаттан ажырайт деген норма бар. Карга карганын көзүн чукубаганы үчүн ушундай жагдай орун алып жатат. Болбосо, ишке жөндөмсүз адамды эбак эле мандаттан ажыратыш керек болчу.
Аэлита Сатындиева, NazarNews.kg