www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков  2019-жылдын 14-15-март күндөрү Вена шаарында өтүп жаткан баңгизаттар боюнча комиссиянын 62-сессиясына катышууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Өз кезегинде Сүйүн Өмүрзаков сессиясынын отурумунда Кыргыз Республикасы акыркы 10-жыл ичинде 1961-1971-1988-жылдардагы БУУнун негизги үч баңгизаттарга каршы конвенциясынын милдеттерин аткарууда 2009-жылы кабыл алынган Саясий Декларация жана Дүйнөлүк көйгөй болгон баңгикаражаттар менен күрөшүүнүн комплекстүү жана туруктуу стратегиясын иштеп чыгуу максатында эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу боюнча иш –аракетинин планы боюнча Кыргызстан тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  баңгизаттарга каршы программасы менен кошо баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндө бир катар документтер кабыл алынып, иштеп жаткандыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды анын ичинен апийим өсүмдүгүн жана канабисти мыйзамсыз таратууга жана ага каршы туруу боюнча активдүү иш-чараларга көңүл бурууда. Көрүлгөн чаралардын негизинде акыркы 10-жыл аралыгында аталган өсүмдүктөрдү өндүрүү 3 эсеге азайган.

Сессиянын алкагында “БУУ жана ШКУ баңгизаттарга каршы: баңгизаттарды эл аралык көзөмөлдөөнү бекемдөө үчүн кызматташуу” аталышындагы жогорку деңгээлдеги иш-чара өтүп, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы аталган иш-чаранын уюштуруучусу болду.

Сүйүн Өмүрзаков өз баяндамасында Кыргыз Республикасы ушул жылы ШКУга Төрагалык кылуу менен баңгизаттар боюнча комиссиянын мүчөсү болуп эсептелгендиктен, баңги каражаттардын өндүрүшүү, өсүшү аны  сатуунунжана ашыкча колдонунун күчөшү коркунуч туудурупжаткандыктан жана  баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен андан түшкөн киреше аркылуу терроризмдин каржылануусуна  тынчтандыруусун билдирип, бул багытта Кыргыз Республикасы максаттуу программаларды иш-жүзүнө ашырып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, Сүйүн Өмүрзаков Кыргызстан БУУ жана ШКУнун институттары менен Эл аралык баңгизаттарды көзөмөлдө тутумун күчөтүү максатында жана  дүйнөнүн жана  өзүбүздүн кызыкчылыгыз үчүн кызматташуусун уланта тургандыгын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости