www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу маалыматты ЖК басма-сөз кызматы билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков Баткенге сапар алган депутаттар менен сүйлөшүп, эзелтен эриш-аркак, достук мамиледе жашаган эки коңшу мамлекеттин ынтымагы маанилүү экенин билдирип, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.  

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжал 14-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге жабык эшик артында талкууланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости