www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагында жайгашкан “Бел-Алма” көмүр кени, алтындын чоң өлчөмү табылган “Шамбесай” кени өз айланасындагы чыр-чатак жана коррупцияга байланышкан жагдай боюнча “Кумтөрдөн” кийинки эле орунда тургандай. Неге дегенде, 2017–2018-жылдардагы 10 миңге чейин адам катышкан нааразылык акциялары, толкундоолор — ​милиция менен элдин кагылышуулары буга күбө. Себеби, аталган көмүр кени 2010-жылдан бери 5–6 башка тоо-кен компанияларынын биринин колунан экинчисине өтүп, коррупциячыл бийликке жакшы эле жем болгону менен анын көчүгүн ачып, ызы-чуу басылбай келет.
Биринчи кожоюн СДПКчы депутат Улан Примовдун “Прети Коал” компаниясы чалгындоо иштерин талаптагыдай жүргүзө албай, келишимде көрсөтүлгөн өз милдеттерин аткарбай, лицензиясынан ажыратылган.
Экинчи кожоюн, өзбекстандык атактуу чоңмуштум Салимбай байбаччанын батасын алуу үчүн Ташкентке сыйынганы барып, ааламга маскара болгон, түштүктөгү белгилүү соодагер, милициянын полковниги Жалил Атамбаевге жана анын туугандарына таандык болгон “Жаңы-Доор” ЖЧКсы көптөгөн мыйзамсыз аракеттерге жол коюп, ал да лицензиясынан ажыратылган. Мисалы, УКМК тарабынан “Жаңы-Доор” ЖЧКсынын мамлекетке 45 миллион сом зыян келтиргендиги, лицензиясынын жасалма экендиги ашкереленген.
Үчүнчү кожоюн баягы эле “Жаңы-Доордун” көчүрмөсү болгон “белестеги беш ыргай” дегендей, “Беш-Арча” болуп аты өзгөртүлүп, 20 мүнөт ичинде кайра түзүлө калган “Беш-Арча” компаниясы толгон-токой мыйзам бузууларга жол коюп, анысы аз келгенсип, элди алдап, капиталдык курулуштарды гана эмес, асмандагы айды да убада кылып, элди алдап, катар-катар кылмыштарга жол коюп, лицензиясынан ажыратылган. Анын натыйжасында аткаруучу директору Мамытов дегенге карата кылмыш иши козголуп, учурда сот процесси жүрүүдө.
Төртүнчү кожоюн лицензияны сатуу боюнча алдына адам салбаган Зилалиевге окшогондордун тилин таап, ошол эле “Беш-Арчанын” лицензиясын сатып ала коюп, бизнес баштаган казак олигархтарына тийешелүү болгон “Вартекс Голд” компаниясы да берген парасына ишенип алып, толгон-токой мыйзам бузууларды жасап, күн сайын кеминде 100 унаа көмүр сатып, капитал аёосуздук менен сыртка ташылып, ал да кылмыштуу аркеттерин улантууда…
Айтор, арсызды коногу бийлейт болуп, майдандыктарды тебелеп-тепсеген арамтамактардын саны өтө эле көп.
Жогорудагылардан улам, сатылган бийликтин алдамчылыгынан тажаган Майдан эли жайды-жай дебей, кышты-кыш дебей нааразылык акцияларына чыгып, көмүр кенин ууруга тонотпой, өзүбүз лицензия алып, подрядчик таап иштетели, айыл аймагыбызды тамчылаткан эптемей каржылоону токтотуп, жыл сайын бөлүнчү 15 миллион сомдук дотациядан чыгалы, кен иштеп берсе зарыл болгон социалдык объектилерди өзүбүз эле курбайлыбы деген чечимге келген.
Ага карабастан, жогоруда саналган бир күндүк, алдамчы компаниялардын кызыкчылыгын колдошкон Баткен облпрокурорунун орун басары А. Байбосунов, Кадамжай райакими Ж. Исаков, райпрокурору А. Ормошев дегендер өз ара сүйлөшүп алып, Майдан айылдык кеңештин депутаттарына, аймак башчысына, жергиликтүү элге, укук коргоочуларга ар тараптуу кысым жасашып, элди коркутууга чейин барышкан.
Жалил Атамбаевдин крышасы болгон Ташкенттеги Салимбай байбаччанын атынан док кылышып, айыл аймагынан “Беш-Арча” компаниясынын пайдасына чечим чыгартууга көп жолу урунгандыктарын кантесиң?..
2015-жылы полковник Жалил Атамбаев жана анын туугандары тарабынан “Бел-Алма” көмүр кенин эч бир мыйзамды, коопсуздук чараларын сактабай иштетүү башталып, жергиликтүү жарандык активисттер, экотехинспекция тарабынан бул кылмыш ашкереленгенде, азыр коррупционер болуп таанылып жаткан Д. Зилалиев, ошол кездеги аким А. Мадумаров, Майдан айылдык аймагынын башчысы А. Нурматов, жергиликтүү кеңештин төрагасы М. Курмушуев сыяктуулар жогорудагы кылмыштарды жаап-жашырууга, кендин мыйзамсыз иштетилишин камсыз кылууга жанталашышкан.
Ага карабастан, экотехинспекциянын адистери менен жарандык активисттердин 2 жылдык аракеттеринин натыйжасында 2017-жылдын 8-июнунда кылмыш иши козголуп, ал акыр аягында сотко өткөрүлсө, бүгүн да акчалуу немелерге карата сот өкүмү чыга элек.
Жергиликтүү калк Коопсуздук кеңешине, Президентке жогорудагы кылмыш ишинине укуктук баа берүү ордунан жылбай жаткандыгы боюнча кайра-кайра арызданып отуруп, облпрокурордун орун басары Байбосунов менен жогорудагы кылмыш иши менен алектенген тергөөчү Р. Каракожоев эл алдында жооп берүүгө мажбур болгондо, облпрокурордун орун басары тергөөчүнүн алдында тили кыска болуп, аны жыйындан кетирүүгө шашылган. Көрсө, “Бел-Алма” кениндеги ашкереленген кылмыштар боюнча тергөө ишинин айыптоо корутундусун орун басар өзү бекиткен тура…
2018-жылдын май айында Майдан эли “Беш-Арча” ЖЧКсы берилген лицензиянын чегинен чыгып, талаптарын бузуп, өз алдынча көмүр казууга киришкендиги тууралуу арызданып, облустук экотехинспекциянын адистери тарабынан 25–27-июндагы текшерүү учурунда мыйзамды орой бузуунун 8 учуру аныкталып, ал боюнча 020900 сандуу акт түзүлгөн. Ага карабастан, полковник Жалил Атамбаев экотехинспекциянын талабын аткарган эмес. Эл кайра ызылдап, октябрдын 29да экотехинпекция жогорудагы актыда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулардын четтетилбегендигин дагы бир жолу ашкерелеген.
Ушул эле текшерүүнүн натыйжасында “Беш-Алма” ЖЧКысы мыйзамыңа түкүрдүм деп, мыйзамсыз көмүр казууну, Өзбекстан менен Тажикстанга сатууну улантууда. Акыркы текшерүүнүн актысында аталган ЖЧК соңку 4 айда 17.000 тонна көмүр саткан, 1,8 чакырым жол салган деп көрсөтүлгөн. Жол боюнча айта турган болсок, мүмкүн ошончо жолду кырып-түздөп, салымыш болгондур. Ал эми казылып алынып, сыртка сатылган көмүрдүн өлчөмү актыда көрсөтүлгөн суммадан бери эле дегенде 5 эсе көп болушу турган сөз.
Бул жерде эмне, артында ташкенттик Салимбай бойвачча турса эле полковник Атамбаев мыйзамыңды урдум деп, кылмыштуу аракеттерин уланта береби(?!) деген жан кашайткан суроо туулбай койбойт экен.
Бул жерде райпрокурор А. Ормошев деген неме коррупциянын желегин көкөлөтүп, жарандык активисттерге, жергиликтүү кеңештин депутаттарына карата “саясий-тарбиялык” иштерди жүргүзүүгө жанталашкандыгын кантип түшүнүүгө болот?! Ормошев адатынча ороңдоп, “колуңардан погам кевейт, “Беш-Арча” компаниясынын артында Ак үй турат, таза адамдардын таза бизнесине жолтоо кылбай, жакшылыкча токтом чыгарып бергиле” деп, док ургандыгы эмнеси?
2018-жылдын 14-ноябрында облпрокурор орун басары Байбосунов Майдан айыл аймагынын башчысы Эсен Абдилатовду прокуратурага чакырып алып, аны менен да полковник-соодагер Жалил Атамбаевдин кызыкчылыгында “саясий-тарбиялык” иштерди жүргүзүүгө жанталашкандыгы эмнени билдирет? Облустук жана райондук прокуратуранын жетекчилери мыйзамдуулуктун сакталышына, адам укугунун корголушуна көз салышабы же мыйзамды тебелеп-тепсегендердин оозун жана колдорун карап отурушабы?!
Андан көрө 2018-жылдын баланча айында облпрокурор мас болгон күнү Мамажакыповдун өлтүрүшүнөн кийин бир аз кадамын басаңдатып, Кудай деп жүрсө болоор эле.
Убакыт көрсөткөндөй, сатылган күчтөр 2018-жылдын 16-ноябрында “Беш-Арча” ЖЧКсынын кысымынан улам, ал компанияга жер тилкелерин ажыратып берүүгө мажбурлоо үчүн Майдан айыл кеңешинин кезексиз сессиясын чакырууга мажбурлады.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Мурза Курмушуев сессияда “Беш-Арча” ЖЧКсын облус жана район прокурорлору гана эмес, Ак үй өзү колдойт, Ошол жактын көзөмөлүндө турат” деген сөздөр менен депутаттарды кысымга алган. Натыйжада ошол эле 16-ноябрь күнү КР ченемдик актылары жөнүндөгү мыйзамынын 6-ст. 1-б., 32-ст. 1-б. ошондой эле КР Жер кодексинин 4-ст 2–3-бб., 28-ст. талаптарын ачыктан-ачык бузуу менен, акчалуулардын саясий-экономикалык-криминалдын буюртмасын төмөнүрөөк юридикалык күчкө ээ болгон мыйзамга негиздеп, ташкенттик криминалдын анабашы Салимбой бойваччанын атына жамынган, аны менен сүрөткө түшкөнүнө мактанган полковник Жалил Атамбаевдин жана анын туугандарынын кызыкчылыгы ишке ашырылып, тийиштүу сандагы жер тилкесин ажыратуу жөнүндө 12 сандуу мыйзамсыз токтом кабыл алынган.
Жергиликтүү депутат М. Курмушуев өз кесиптештерине түрдүү кызмат адамдарынын атын сатып сүйлөгөнүнө депутаттар толук ишенбесе да, коркутуп кысымга алуу максатына жеткендиги көрүнүп турат.
Жогорудагыдай мыйзамга каршы аракеттердин ишке ашырылышында прокуратура органдарынын жетекчилеринин гана эмес, Кадамжай районунун ошол кездеги акими Акрамжон Мадумаровдун да салымы чоң. С. Исаков, шоопур Илмиянов, Д. Зилалиев ж. б. табакташтары эчактан бери зынданда отургандыгына карабастан, коррупционер Акрамжондун ченемсиз байлыктарга ээ болуп, кылы кыйшайбай жүргөндүгү таң калыштуу…
“Беш-Арча” ЖЧКсынын полковник Жалил Атамбаев баш болгон ээлери тарабынан көптөгөн оркойгон мыйзам бузуулар аныкталып, кылмыш иштери козголгондугуна карабай, прокуратура органдары тарабынан аталган ишкананын, мыйзамсыз лицензиясын жокко чыгарып, ишмердигин тез арада токтотуу тууралуу КР өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине тийиштүү сунуш берилбей, тескерисинче, түрдүү деңгээлдеги коррупционерлер — ​бул багыттагы кылмыштарды жаап-жашырышып, мыйзамсыз лицензияларды черный рынок аркылуу сатуу практикасын улантышууда. Бул жерде адам ден соолугуна, өмүрүнө, экологиялык жагдайга байланышкан маселелерге караганда, биргелешкен коррупционерлердин арам дүйнөгө байланган кызыкчылыктары жогору коюлууда.
Дагы бир айтып кете турган нерсе — ​ИИМде, УКМКнын антикоррупциялык кызматында иштеген соодагер-полковник Жалил Атамбаевдин батасын алган өкүл балдары да бизге кысым көрсөтүүсүн токтотпой келет.
Жогорудагы мамлекеттин да, элдин да коопсуздугуна коркунуч келтирген биргелешкен, уюмдашкан ички душмандардын аракеттерине Башкы прокуратура жеткиликтүү баа берет деген үмүт менен маселени коомчулукка жарыя кылууну чечтик.
Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасына байланышкан курултайда сүйлөгөн сөзүндө ыйык хадистерге шилтеме жасап, адилетсиз соттордун — ​коррупционерлердин орду тозокто экендигин эскертүү катары баса белгилегендиги бекеринен эмес.
Урматтуу президентибиз аталган коррупциялык кылмыштардын иликтелишин өз көзөмөлүнө алат деген ишеничтебиз.

Роза МАМАНОВА, “Элдик көзөмөл” бирикмесинин түштүк аймактары боюнча координатору

Последние новости