www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Кыргыз темир жолу" ишканасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Казакстандын жараны Хасанов Алимжан жумуштан алынганы жалган экенин айтып, мекеменин жетекчиси, тескерисинче, аны ошол эле ыйгарым укуктар менен кеңешчи кылып алганын билдирди.
Эл өкүлү өз сөзүндө: "Маселенп өткөн жылы көтөргенүмдө, "Кыргыз темир жолу" Хасановдун жумуштан кеткенин кабарлаган. Көрсө элди, депутаттарды алдап коюптур. Бүгүнкү күндө ишкананын жетекчиси Хасановду кеңешчи кылып дайындап, анысы аз келгенсип ЖКнын жол комитетинин жыйынына алып келип отурат. Бул кыргыз мыйзамдарын сыйлабастыгыбы? УКМК, Башкы прокуратура каякты карап отурат. Темир жолдо татыктуу иштей турган Кыргызстандын жараны жокпу?" - деп айтып, вагондорду, самолетторду уурдап жок кылган дарды чоң кызматтарга коюп жатышканына кейиди.
Айткандай, депутаттарды алдап койгон темир жолдун башчысы Канатбек Абдыкеримов өкмөт башчысынын көздөй адамы катары белгилүү. "Жылымчы оосурактын жыты жаман" дегендей, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өңчөй мандемдүүлөрдү кызматка коюп, бийликти элге жек көрсөтүп бүттү.
Булак: Фабула