www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимди ишке ашырууну талкуулаган кеңешме өткөрдү. Буга чейин кыргыз өкмөтү “Кумтөрдүн” акчасына Кыргызстандын экологиясын коргой турган фонд түптөгөн. Анда “Кумтөр Голд Компани” алгач бир жолку төлөм иретинде 50 миллион доллар бөлүп, андан сырткары, жылына 2,7 млн. доллар берип турмакчы болгон.

Өкмөттөгү жыйында аймактарды өнүктүрүү боюнча Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондусунун жана Жаратылышты өнүктүрүү коомдук фондусунун акча каражатын пайдалануу механизми жана тартиби каралган.

Жаратылышты өнүктүрүү фондусунун акчасы экологияны жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоого багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулары айтылды. Акча каражаттары бекитилген багыттарга гана жумшалмакчы. Жаратылышты коргоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардыгы ачык жана айкын өтүшү зарыл. Өкмөт фондулардын ишинин негизги механизмдериндеги кемчилик жактарды оңдоп чыгып, кыска убакытта алардын ишмердүүлүгүнүн оптималдуу моделин көрсөтүү тапшырмасын берди.

Стратегиялык келишим “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт. Документке ылайык, Centerra Gold Inc. компаниясы жаратылышты коргоо, биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясынын жаратылышын коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди алат. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости