www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш. Бир гана сөз. Болгону ушул. Айтканга да, укканга да оңой. Күнү куру калбай угууга туура келет. Болбоду дегенде эки, же үч сапар. Орундуу да, орунсуз да учурда айтыла берип, ар кимди бышы кулак кылган, көнүмүшкө айланган сөз. Бир тартылган ширеңкедей ооз учунда жылт эте түшүп өчкөнү, жеңил баа болгону ушундан. Чаңда жаткан кыт салмагын ким билет. Андыктан буга назарын оодарып, кунт таштаган жан сейрек. Ошон үчүн колдо бар алтын баркталбайт тура. Кыйма-чийме түшкөн кыйынчылык аттуу кыйрагырдан кыйгап өткөн жолу шыдыр адамдар бул сөзгө баш оорутуп олтурбайт. Анткени андайлар өздөрү турмуш үчүн эмес, турмуш алар үчүн келгендей сезишет. Турмушту алар өздөрүнө милдеттүүдөй, көз карандыдай көрүшөт. Демек, алардын жаздым ташталган кадамдары, кетирген кемчиликтери да өздөрүнүкү эмес, ошо турмуш деген нерсеники. Мүдүрүлткөн, жаздым бастырган да ошол. Өз айыбын моюнга алууга кудурети, эрки жетпей ага саласал кылгандар канча. «Турмуш ушундай болсо, эми кантейин, өлүп кетмек белем» деп, өлүмтүгүн арта мүңкүрөп, олтуруп бергендер азбы. Бул чындык.
Бирок, ошо бир гана сөзгө сыйган нерсенин адам пендесине баш ийбей турган өз чындыгы, өз адилеттиги бар. Бардыгын жөнгө салып турган өз мыйзамы бар. Анткени ал - Турмуш. Сырын адам толук түшүнө албаган татаал, зор дүйнө. Ошол дүйнөдө миң-миң тарам жолдор жатат. Тирүүлүктө канча адам болсо - ошончо жол. Ал бешиктен башталып, бейиттен бүтөт. Ошого чейин гана созулат. Кымбаттыгы да, асылдыгы да ушунда. Аны ар ким өз дараметине, акыл-эс деңгээлине жараша баалайт. Салмактайт. Анан ошого карап, өзүнө ыңгайлуу, үзүрлүү дегенин тандайт. Бүттү, ошентип, тириликтин «арабасын» кылдырата сүйрөп алып, акыркы чекитти көздөй жөнөйт. Оо, ага чейин кандай узак, кандай кыска. Анткени аны адам кандай басат, кандай жүк көтөрөт, кандай табылгаларга жолугат, кандай жоготууларга кабылат, бул дүйнөдөн эмнени алып, эмнени таштап кетет? Мына ушуларга байланыштуу. Неге дегенде бүтүндөй бир кылымды карытып, арабасын бош сүйрөп келгендер бар. Анын жарымына, ал тургай чейрегине жетпеген өмүрүн чагылгандын отуна айландырган адамдар бар. Арабасына бир нече кылымдын жүгүн тартып келгендер да жок эмес.
Ошол жолдо сүрдүккөн адамдардын жоон тобунун катарында өз арабасын сүйрөп келе жаткандардын бири - Алман. Адатта орус агайындар «көйнөкчөн төрөлгөн» деп коюшат. Муну түндүгүнөн кут түшкөн адамга карата ыроолосо болот. Ал да ошондой адамдардын катарында. Жок, алды жагында деген туура болот. Бак даарыган адамга айла жок тура. Бардыгы күтпөгөн жерден болду. Кайып каскагынан кут төгүлгөн жолго түштү. Пенде баласынын колу эмес, кыялы жетпеген нерсе бешенесине мөөрдөй басылды. Анын шарапаты менен бардыгы шыдыр кетти. Кудум май кескен бычактай. Бирок, ошол бычак качандыр бир кезде ташка тийип, мизи майтарылып каларын өзү билбейт. Демейде океанда калкылдаган муз тоонун (айсбергдин) үстү гана көрүнөт эмеспи. Чыныгы көлөмү суу астында катылат. Анын сырдуулугу ушунда. Алман баскан турмуш жолу да ошого окшош. Өзүнөн башкалар көрө албайт. Ошондуктан анын ушундай даражага жетишинин, ташыган байманасынын негизги өзөгү, себеби эмнеде экенине акылдары жете бербейт. Ар кандай түкшүмөлдөргө чарпылгандар арбын. Эмнеси болсо да, бул кезде анын ыргыткан ташы өргө кулап турган чак. Беш манжа менен санала турган мартабалуу адамдардын алдыңкы сабында. Алар жашаган ак сарайдын мыктысында жашайт, алар минген машинанын жакшысын минет. Кул жебес чүйгүн тамак ичип, чет элдик кымбат кийимдерди киет. Ысык күндө саябан дарактын көлөкөсүнө коргологон сыяктуу аны айланчыктап, ага жакындоого зар болгон жандар арбын. Андан жардам күткөндөр көп. Тандалган жан сакчылары жалаңдашып, ага жерден чычкан, көктөн канаттуу жакындатпайт. Ошол адамдар күткөн пейилди күтөт.
Пейил демекчи, «Адам пейилинен табат» дешкен бабаларыбыз. Мезгилдин ызгыган чаңына басырылбай, өз салмагынан ныпым кемибей, али биротоло кирдеп бүтө элек сезимдер дүйнөсүндө күн кечирип келаткан карт накыл. Муну Алман мурда көп эле жолу уккан. Мүмкүн, өзү деле улуусунуп, же купуя акылдуусунуп кимдир бирөөгө айткан күнү болгондур? Ошого ичинен компоюп, тиги пендеден карыш жогору турарлыгын көрсөтүп койгондур? Бирок, негедир учурунда ага көңүл токтотуп, маңызына серп салбаган. Көнүмүш катары, күндө колдонуп жүргөн кадыресе эле бир кеп сыңары караган. Эми асмандан кайып келген жылдыз сыныгы капысынан башына тийгендей элтең этип алды. Көрүнбөгөн салмагына ийиле түшкөнсүдү. Анын зилинде чындыктын данеги бар экенине ишенип кетти. Антпегенде кантсин, кечээ эле кар тозоңун бетке уруп, көз ачырбай, кычыраган кыштын алай-дүлөй түшкөн бороону бүгүн кайдадыр житип кеткендей. Асман шаңкая ачылып, Күн көңүлүндө бажырайган гүлдөр күлүп тургандай. Нуру жаш карга төгүлүп, туш тарапты жаркытат. Көз карыктырган жарык анын дүйнөсүнө да жылып киргенсиди. Ансыз деле чалкып турган көңүлү ого бетер көкөлөдү. Учкул канат бүтүп кеткенсиди. Кара чабуулга түшүп, анын камын көрүп, нары-бери чуркап жүрүшкөн адамдардын бардыгы кичинекей куурчакка айланып, аларды тээ бийиктен эңкейип карап тургандай сезилип кетти.
Шар аккан дайра сымал, мезгил агымы да көз ирмемге токтобой, алдыга умтула бере турган нерсе. Түбөлүк кыймылдагы нерсе. Ал токтосо - жашоо токтойт. Бирок, жашоо токтосо анын кылы кыйшайбайт. Кете берет. Демек, анын агымына жараша көп нерсе өзгөрүп турат. Ошондуктан бүгүн бар нерсе эртең - жок. Бүгүн жок нерсе эртең - бар. Буга мисал издеп алыска ат арытуу кажатсыз. Мына, бүгүнкү боло турган той эле жетиштүү мисал. Ырас, жашоо бар жерде өлүм менен өмүр, аш менен той катар жүрөрү белгилүү эмеспи. Андыктан мындай тойлордун ондогону, жүздөгөнү өткөнүн ким танат. Мындан ары да боло берери турган иш дечи. Бирок, бул өзгөчө, ошо жүздөгөндөрдүн бирине да окшобогон, алардын бардыгынын чокусуна жете турган чоң той. Себеби бул анын - Алмандын өзүнүн тою. А Алман көчтүн карасындагы, көптүн арасындагы жөн-жай адам эмес. Бир алаканын ачса алтын, бир алаканын ачса күмүш аккан адам. Чапса кылычы, айтса сөзү, караса көзү бутага дал тие турган адам. Ар бир доордун өз чыгаандары, кыраандары бар. Алардын катарынан Алман өзүн көрөт. Башкалар көрөбү, көрбөйбү - кымындай иши жок. Бул ал үчүн такыр башка маселе.
Борбор калаадагы эң чоң, мартабалуу меймандар, чет элдик расмий адамдар чакырыла турган асем ресторан. Буга жалаң гана колунда бийлиги, чөнтөгүндө байлыгы бар, азуусу айды жаныган адамдар кирет. Андай дөөлөтү дөңдөгүлөрдүн бир олтуруп түштөнүп кеткен акчасына карапайым адамдар үй-бүлөсүн бир ай кенен-кесири бакмак. Албетте, бул да турмуш жолу, адамдарга ыргыткан тамашасы. «Беш кол тең эмес» деген философиясы. Муну менен Алмандын иши эмне, башкаларга карайм деп, заман жарышындагы кызып алган күлүгүнүн оозун тартышы керекпи? Ташыркаган, ылоологон мажүрөө жандарды аяп, артта калышы керекпи, алардын чаңына көмүлүшү керекпи? Албетте жок. Азыркы заман чуркагандардыкы, күлүктөрдүкү. Кыска өмүрдө көксөгөнгө жетип, каалаганды алып, кызарганды жулуп калууга үлгүрүү керек. Бир келген өмүрдү гүлзардын ичинде өткөрүп калууга эмне жетсин. А аркы дүйнө, бейиш менен тозок дегендери барбы, жокпу - ким билсин. Ал жакка кеткендер сансыз, а кайтып келген бирөө жок. Эгерде болгон болсо, мындагы жасаган кадамдары үчүн жооп бере турган жагдай келип калса аны көрө жатар. Бере турган ылайыктуу жооп табар. Ага чейин кабатыр болуп, курулай санаа чегүүнүн кажаты канча.
Андан көрө ушу тойду ойдогудай өткөрүп алуу керек. Канчадан бери даярдык көрүп келет. Жок, буга жыйнаган каражатынын бир уучу гана жетмек. Кеп жөнү башкада болучу. Бийлик тизгинин чоюп, төбөсү көрүнө чочоңдогон адамдардын айрымдарын чакырып, башын кошуу. Ушунусу менен алардын көзүнө көрүнүп, назарына илинүү. Бул ал үчүн өтө маанилүү. Эртеңки күнү үчүн мындан да кенен эшик ачылып калышы ажеп эмес. Анткени байлыктын жөнү бир бөлөк, ал эми бийликтин жөнү такыр башка. Эл башкаруу, мамлекет башкаруу - бак даарыган, төбөсүнө кут төгүлгөн бир ууч гана адамдардын шыбагасы. А Алман алардан тырмакчалык да төмөн эмес. Ал тургай көптөрүнөн жогору турат. Буга өзү бөркүндөй ишенет. Жөн гана аны колунан бир тартып койгон, керектүү тепкич болуп бере турган адамдар жетишпей келген. Бул той ошого жетүү аракети. Айрыкча бутага алганы - Азамат Асылбашевич. Кандай болсо да аны менен байланыш түзүп алуу. Көксөгөнү - ушул. Керек болсо ага чар көпөлөктөй айланып, айтканын аткарып, жаңсаган жагына жанын таштоо зарыл. Көз учунда бүлбүлдөгөн максатка жетүү үчүн бардыгына кайыл болуу керек. Керектүү адамдардын көчүгүн сүрүп, таманын жалаган куйтуларды көрбөй, билбей жүрөбү. Ошондой мамилени өзүнө жасап жүргөндөр канча. Бул боло келген, боло берет. Адам жашоосу ошондой түзүлгөн. Муну өзгөртүп, башка нукка салып жибере турган керемет күч жок. Болушу да мүмкүн эмес. Демек, Азамат Асылбашевич анын туу тутары, карманар асабасы. Оо, бул адам азыркы учурдун чыныгы каарманы. Айтканы - айткан, дегени - деген. Анын кирпиги менен тең айлангандар толтура. Куйругун шыйпаңдаткан канча адамдар баскан изин өбүшөт. Көлөкөсүнө зар болгондорду мындай кой. Алмайдын бермейи бар эмеспи. Анын аркасы, жөлөп берген тепкичи менен далайлар бийликтин майлуу-сүттүү креслосунан орун алды. Көчүгү тазабы, таза эмеспи - эч кимдин иши жок. Кеп отурганында. Алмандын орду да ошо жакта. Бул анын жеке ою, көптөн берки көксөгөн тилеги, турмуштук позициясы.
Европа стилинде жасалгаланган асем ресторандын айланасы күн нуру чагылган кымбат машиналарга толуп, айрымдары жолдун наркы өйүзүнө тизиле баштады. Келген адамдар ар кай жерде топ-топ болуп, өздөрүнчө учурашып, кобурашкан болушат. Сөөлөттүүлөр кай жерде болсо да сөөлөтүнөн алыс кетишпейт экен. Көчөнүн өзү да бир сөөлөткө толо түшкөндөй. Алман жогорку кабаттын терезесинен аларга көз салып турду. Барган сайын көбөйүп барат. Ушунча тааныштары, жакшы санаалаштары бар экенине бир чети таң кала түштү. Жалпысынан беш жүз отуз беш киши чакырылган. Албетте, мындан көп болсо деле дурус болмок. Бирок, ресторандын жеткен орду ушул экен, балакеттики. Алардын арасында өзү тааныбаган адамдардын жүргөндүгүн көрдү. Меймандардын тизмесин өзү тактап, өзү бекиткен. Демек, алар деле жөн кишилер эмес экени анык. Тойго көпчүлүккө белгилүү, ыргыткан ташы өргө кулаган, анча-мынча кишилер даап жакындай албаган адамдардын арбынырак келиши жакшы жөрөлгө.
- Элди киргизе берелиби? Белгиленген убакыттан өтүп баратат. - Капыстан чыккан үнгө кылчая карады Алман. Жардамчысы Жанек экен.
- Жок, Азамат Асылбашевич кечигип жатат.
- Ал киши келет бекен?
Алман ага бир карап алды да, кайра көчө тарапка кылчайды. Бирин-сериндеп дале келип жатышат. Бирок, күткөнү көрүнбөйт. Ал чөнтөгүнөн телефонун алып, номурларды терди. «Бек, Азамат Асылбашевич бошодубу? Меймандар келип бүттү. Ал кишини күтүп жатабыз». Бек дароо жооп бербей, кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатты. Телефондон үзүл-кесил сөздөр угулат. Кимдир бирөөнү кекетип, ачууланып жатты окшойт. «Чыгып атат». Маалкаткан Бек кыска жооп берип, телефонун дароо өчүрдү. Ал шефтин «оң колу» эле.
- Бардыгы даярбы? - Алман бери бурула Жанекке карады. Негедир ал аскер адамына окшоп какая түштү. Ишенимдүү унчукту:
- Эч кандай проблема жок.
- Дурус. Он беш мүнөттө келет.
Кимдин келерин ал жакшы билет. Чакыруу кагазын өз колу менен тапшырган. Андай «зор» адамдарды тойго келип берүүгө макулдатуу үчүн да далай машакаттан өтүш керек эмеспи. Бул жагынан дипломат болуп бүтпөдүбү. «Кожоюндун» босогосун адеп аттап келгенден бери андайлардын далайын башынан өткөрдү го.
Убакыт өтүп барат. Эшикте, суукта турушкан меймандардын айрымдары үшүй баштаганы сезилип, нары-бери басышат. Айрымдары эшикке жакын келип, кайра тартат. Чыдамы кеткен кээ бирлери машиналарына түшүп олтурушту. Балким, мынчалык күттүрүп, маалката кармап жатканы үчүн кыжырлана баштагандары да бардыр. Мындай дөөлөттүүлөр кылдан кыйкым издеп турушат эмеспи. Эми эмне кылсын, урматтуу мейман келбей атса. Ансыз киргизип жиберүүгө болбойт. Анткени тиги тургандардын бардыгы бир тең, а анын өзү бир тең. Кайра терезеге бурулду. Тигил келе турган жолго тигилди. Кыйма-чийме машиналар агылат. Алда кайдан таанылган машина көрүнбөйт. Шаарда андайдан эки гана машина бар. Демейде ал келатканда жолдогу машиналар чет жакка жапырылып, бөжөңдөй түшүшөт. Анткени алды, артында автоинспекция кызматкерлери узатып, коштоп жүрүшөт.
Алман ниетинде тышка чыгып, меймандар менен учурашып, дагы бир аз күтүп берүүлөрүн өтүнгүсү келди. Телефонун чөнтөгүнө салды. Тигиндейректе кетип бараткан Жанектин артынан басты. Эки жагында турган кабелтең эки жигит да кошо жөнөдү. Колун көтөрө, «ээрчибегиле» дегендей белги берди. Экөө ордунда туруп калды. Төмөн түшө турган тепкичке жетип, кайра айныды. Терезеге барды. Дале көрүнбөйт. Бардык тарап ак карга чулганып, жаркырайт. Асман бетинде томуктай булут жок. Негедир көгөргөн чексиздикке тигилип, кыйлага карап турду. Арт жактан угулган кандайдыр үнгө бурула берип, ошол замат кайра асманга тигилди. Үндү беттей бурула берген учурда көзүнө бир нерсе уруна түшкөн. Чайыттай асманда эмне болмок эле. Бул ой заматта сезимине урунду. Бирок, бар экен. Эми эле тунарып турган асманда бир нерсе пайда болду. Дал маңдай тарапта. Боз үй көлөмүндөй болгон түрмөк булут сыяктанган нерсе. Бир маалда күрөң түс булуттар тарап, анын ичинен кучак жеткис топ көрүндү. Ал жаркырап, бери жылып, жакындап келатты. Маңдайдагы он сегиз кабат имараттан бери өтүп, бир нерсеге асылып токтоп калгансыды. Анан топтун ортосунан сызык пайда болуп, эки жакка ачыла берди. Эми топ кадимки көзгө, адамдын көзүнө айланды. Ал ушунчалык чоң, анан жалгыз эле. Алман анын түпсүз карегин, коюу, туш тарапка серейген кашын, тикчийген кирпиктерин даана көрдү. Ал Алманды теше тиктеп турду. Негедир аны качандыр бир кезде көргөнсүп кетти. Ооба, муну мурда көргөн. Ошондон уламбы, негедир коркуу сезими анча жок эле. Бирок, качан, кандай шартта көргөнүн эстей албады. Көз албай мелтиреп карап турду. Капысынан: «Муну башкалар көрүштү болду бекен» - деген ой көңүлүнө тык этти. Тиги тышта тургандарга көз чаптырды. Жок, алардын бири да асманды карабай, өз ара кобурашат. Ал какайып турган жанагы эки жигитке карады. Алар да беймарал.
- Тигини көрдүңөрбү? - Алман башын асман тарапка жаңсады.
- Эмнени?
Экөө терезеге жакындап келип, сыртты карашты. Тигил мелтиреп карап турган тараптан эч нерсени көрө алышпады. Тиги эмнени айтып жатканын түшүнүшпөй, бири-бирин карап, ийнин куушуруп коюшту. Демек, аларга да көрүнбөй эле турат. Жалгыз гана ага көрүнүп жатат. Мурда, адеп көргөндө да дал ушундай болсо керек эле. Анда жанындагы балага да көрүнгөн эмес. Деги, бул өзү эмне деген нерсе? Ушундай да керемет болобу? Эмне үчүн ушунча адамдардын ичинен жалгыз ага көрүнөт? Бул эмне деген белги, эмненин сыры? Ушундай ойлордун кучагынан чыга албай, белгисиз көздү мелтиреп карап тура берди. Негедир аны менен ичтен арбашып жаткансыды. Анан күтүлбөгөн жерден көз алая түшүп, жарк этти. Жарыгы күндүн өзүн да уялтып жибергенсиди. Заматта Алмандын көздөрү тунарып, кулагы чуулдап кетти. Ошол жарыктан муштумдай таш бөлүнүп келип, дал маңдайына тийгендей башы зыңк этти. Чалкасынан кулап баратканда эки жигит шып жетип, кармап калганга үлгүрүштү. Бирок, муну өзү сезбеди. Ошо чалкасынан жыгылган боюнча жерге тийбей, түпсүз кургуйду көздөй сызып кете берди. Эки жагынан бир нерселерди кармап калууга жан талашып, колдорун туш-тушка сунат. Баары куру далбаса. Колго илине турган эч нерсе жок, бир гана боштук. Кудум космос мейкиндигинде кулап бараткандай...
(Уландысы бар)
Автор, Мусакун Сатыбалдиев
Булак: «Сырдуу дүйнө»