www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгер Сабырбек Жумабековдун Ысык-Көлдөгү коттеджи саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үй-бүлөсүнүн коттеджинин жанында жайгашкан. Бул тууралуу Бейшеналиев өзү билдирди.

Ал бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышты.

«Коттедж күйүп кеткенде, балама айттым, муну саясаттырбаш керек деп. Ал жерде 3 күн мурун эс алып кеткем, балким электр жарыгын өчүрбөй койгом», - деди Бейшеналиев.

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттыкты сактоо министринин Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборун кайра түзүү боюнча маалыматын укту.

Эске салсак, 6-февралда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы «Париж» пансионатында жайгашкан коттеджден өрт чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости