www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Элге эң эле жөнөкөй тил менен ККМ боюнча абалды түшүндүрүп бергени жакшы кадам жана үлгүлүү жөрөлгө», - деди бүгүн, 9-февралда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, президенттин базар аралап, ККМди түшүндүргөнү боюнча ар ким ар кандай пикирди айтып жатат. Базар аралап эл менен түз байланышканы президенттин жөнөкөйлүгүбү же командасынын алсыздыгыбы?

- Азыр расмий бийлик казынаны толтуруу үчүн өлкөдөгү мүмкүн болгон баардык резервдерди мобилизация кылып жатат. Башка айла жок.  Ошондуктан, базарлардагы «ээн жердин көкбөрүсү болуп алышкан» базаркомдор жана башка шылуун ортомчулар саботаж уюштуруп киришти.

Жөнөкөй, карапайым, өз оокатын эптеп өткөрүп, соода-сатык кылып күн көрүшкөн жарандарыбызды бийликке каршы тукурушуп, кутура башташты. Кабминдин ККМ боюнча чечими эң эле туура болгон. Аны иш жүзүнө ашыруу үчүн бир топ эле аракеттерди көрүп жаткан.

Бирок, ага деле көнбөй «саботажчылар» Акүй менен Көкүйдү акмалашып пикет уюштура башташпадыбы? Ушундан улам президент Садыр Жапаров өзү чечкиндүү аракети менен Ош жана Дордой базарларына барды.

Элге эң эле жөнөкөй тил менен ККМ боюнча абалды түшүндүрүп берди. Бул жакшы кадам жана үлгүлүү жөрөлгө деп кабыл алышыбыз абзел. Эл азыр өтө эле дооматчыл болуп албадыбы? Муну дагы туура кабыл алуубуз керек.

Кымбатчылык күчөдү, коррупционер-уурулар дагы деле кутуруп жүрүшөт. Ошондуктан президент өзү элге чыгууга мажбур болуп жатат. Бейжинден келип эле бир күндө «Түндүк» РЭСине, Республикалык диагностикалык борборго жана Көп профилдүү балдар ооруканасына барып эмгек коллективдери менен натыйжалуу жолугушууларды өткөрдү.

Бир эле күндө ушулардын баарына үлгүрдү. Дагы кандай доомат айтышыбыз керек? Менимче, президенттин мындай кадамдарын колдоп, пейилибизди түз кармаганыбыз гана оң го?! Экономикалык кризистен бирдиктүү аракеттерибиз менен гана чыгып кете алабыз. Ушуну унутпасак.

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулат дегенден бери тескери пикирин айткандар да болууда. Үч мамлекетти байланыштырган темир жолдун Кыргызстанга биз күткөндөй пайдасы болобу?

- «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунан, биз кыргыздар, пайда гана көрөбүз. Биздин дүйнөлүк океан-деңиздерге түз чыга ала турган мүмкүнчүлүктөрүбүз жок! Өзүбүз өндүргөн айыл-чарба продукцияларын сыртка чыгаруу үчүн казактар менен орустардын көзүн карап келебиз го? Же жалганбы?

Тигине, күздө тонналаган экспорттук продукцияларыбызды Оренбургдан өткөрбөй коюшту! Жыргап кеттикпи? Биринчи кезекте баба-дыйкан жабыр тартты. Кедейленип, «итке минип» отуруп калды. Жазда алган кредитин ач көз банкирлерге кайтарып төлөй албай, үйүн тарттырып жиберип, талаалап кетти!

Трансулуттук темир жолго каршы болгондор кимдер экендигин, жана алар кандай максаттарды көздөп, андай жырткычтык саясатка барып жаткандыктарын көрүп эле турбайбызбы? Ошондуктан, президент Садыр Жапаров ошол Темир жол долбоорунун Кыргызстан үчүн пайда боло турган вариантын өткөрүп келээр деп үмүт этип турабыз! Мындан сырткары, өлкө башчылары, Жапаров менен Си Цзинпиндин «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу бир пикирге келишкендиктерин дагы эске алсак, анда эки тараптуу мамилелердин келечеги кең экендигине үмүт артсак болчудай.

- Президент кытайдан олдолуу, жемиштүү келдиби?

- Менимче жемиштүү эле болду. Өлкө башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин өтө маанилүү маселелерин жана келечегин талкуу кылышыптыр.

Мени ынандырган бир жагдай, КЭР менен Кыргызстан экологиялык таза продукцияны жана энергетика тармагында кызматташуу приоритет катары таанылганында болду.

Бул сүйлөшүүлөр билгендер үчүн өтө маанилүү жана пайдалуу иш. Анткени, тиги эки тармак боюнча тең биз өзүбүздүн артыкчылык мүмкүнчүлүгүбүздү көрсөтө алабыз. КЭРдин төрагасы Си Цзинпинь коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын өз кезектери менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгилептир.

Эң башкысы, алгачкы капиталы 1 млрд $ боло турган «Кыргыз-Кытай» инвестициялык фонду түзүлө тургандыгы жакшы иш болду. Менимче, ушундай жагымдуу жагдайды биз кажыбас эмгек менен гана пайдаланып калуубуз абзел!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости