www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун «Омикрон» штаммынан коргонууга толугу менен даяр.

Мындай пикирин аталган министрликтин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал кандай болбосун “Омикрон” штаммы Кыргызстанга да келерин жана анын алдын алуу үчүн чек араларды жабуудан башка жол жок экенин, бирок мындай кылуу мүмкүн эместигин айтты.

«Биз бир жер шарында жашайбыз. Кааласак да, каалабасак да «Омикрон» Кыргызстанга келет. Эгер ал келбесин десек, биз чек араларды жабышыбыз керек. Сырткы мамлекеттердин эч кимиси менен байланыш кылбашыбыз керек. Бирок, андай кылууга экономикалык каатчылык жол бербейт. Кандай жол болбосун, ал келет. Мен министр катары айтып коеюн, «Дельта» штаммынан өткөндөй эле мындан да чоң жоготууларсыз өтөбүз. Буга Саламаттыкты сактоо министрлиги толугу менен даяр», — деди ал.

Эскерте кетсек, дүйнөдө COVID-19 инфекциясынын жаңы штаммы «Омикрон» пайда болуп, бир нече өлкөлөргө жайылууга жетишти. Ошондой эле, кечээ 10-декабрда вирустун аныкталышы кыйын болгон мутациясы пайда болгону жана ага BA-2 деген ат берилгени айтылды.  Окумуштуулардын айтымына  караганда «Омикрон» сыяктуу жугуштуу болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости