www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб/метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб/ метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб/метрге жеткен. 2007- 2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб/метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

- Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. кубдук чектен да ылдый түшүптүр. Кыргызстан бир кышта 6-7 млрд. куб суу колдонгонун эске алганда, бул көрсөткүч жазга чейин жарымына кемиши мүмкүн. Бул абалдын кандай кооптуулугу бар?

- Эң негизги кышка болгон даярдык Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү. Ошон үчүн суу канчалык көп болсо, ошончолук кышка даярдык мыкты катары эсептелет. Мына бүгүнкү күндө суунун көлөмү 11 млрд. кубдук чектен да түшүп кетти. Учурда 10 млрд. 917 млн. 36 миң куб суу бар. Бул кыш айларына толук кандуу жетпейт.

Себеби, Токтогул ГЭСинде төртүнчү агрегат ишке киргизилген жок. 1-ноябрда төртүнчү агрегат инструкция, модернизациянын алкагында ишке кириши керек эле, бирок кирбей калды. Жайкы мезгилге калтырышты. Чындыгында 1-апрелге чейин 9-10 млрд. кубдук чектеги суу калышы керек.

Ошонун негизинде өтө чоң коркунуч бар. 1-апрелге суунун көлөмү аз болгондуктан, Токтогул, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтеринде электр энергия өндүрүлбөй калышы мүмкүн. Жай, күз мезгилинде министрлер кабинети аракеттерди көрүп жатты.

Бирок Токтогул суу сактагычындагы суунун көбөйүшүнө чоң таасир бере алышкан жок. “Түркмөнстандан 500 млн. кВт/саатты сатып алабыз” деген келишим түзүлгөн, бул толук кандуу аткарылган жок.

Болгону 280 млн. кВт/саат берилди. Казакстандан 900 млн. кВт/саат алышыбыз керек эле, алар да толук болбой, 500 млн. кВт/саат гана алынды. Калганын берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок экен. 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында 6 млрд. куб суу калат. Бул эң төмөн көлөм. Ошонун негизинде Токтогул суу сактагычы иштебей калышы ыктымал. Ушундай коркунуч, кооптонуу бар.

- Кооптончу жагдай экен.

- Бул боюнча “1-ноябрдан баштап өчүрүүлөр болбойт, оңдоотүздөө иштери, профилактикалык иштер болбойт” деп министрлик убадасын берген. Тилекке каршы, өчүрүүлөр дагы, оңдоо-түзөө иштери дагы жүрүп атат. Бул убададан соң элге “электр энергиясын үнөмдөгүлө, бир гана жарыкты жандыргыла, калган жылыткычтарды өчүргүлө” деп жылыткычтарды пломбулаганы туура эмес.

Электр энергиясы менен элди дагы, ишканаларды дагы толук кандуу камсыздай албай жатат. Ошонун негизинде чектөөлөр болууда. “Токтогул суу сактагычында 1-апрелге чейин жок дегенде 8 млрд. куб сууну калтырабыз” деген аракеттерди жүргүзүп жатышат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости