www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкада акыркы күндөрү жаштардын арасында Covid кечеси белгилүү болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, кээ бир жаштар коронавирусту олуттуу оору деп эсептебей, кечелерди уюштуруп жатышат.

Белгилей кетсек, эң алгачкы Covid кечеси 2020-жылдын жазында Вашингтондо өткөн. Андан кийин бул кече бардык өлкөлөргө тараган. Кеченин уюштуруучулары коронавирус менен ооруп жаткан адамды чакырып, ал эми кеченин катышуучулары түнү бою ал адам менен сүйлөшүп, көңүл ачып, ооруну жуктуруу аракетин кылышат.

Бул кечеге келгендердин кээ бири өзүнүн жашоосун тобокелге салууну жактырса, кээ бири ооруга ишенбегендер.

Кошумчалай кетсек, 30 жаштагы техастык жашоочу да ооруга ишенчү эмес. Ал көз жумар алдында дарыгерлерге: «Мен бул оору жок экен деп ойлогом, бирок бекер ойлоптурмун», - деген.

Мындай кечелердин кесепетинен коронавирус бат тарап жатат. Сovid кечесине катышкан адамдардын санын эч ким текшербейт. Уюштуруучулар кээ бир жерде ондогон адамга, ал эми кээ бир жерде жүздөгөн адамга кече уюштуруп беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости